www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайып ШЕРИ: Матраимовдон өч алуу үчүн зор күчтөр бар

Перизат Кутманалиева 12-июль 2019, 11:49

Маек


Кайып ШЕРИ: Матраимовдон өч алуу үчүн зор күчтөр бар

Март жана апрель ыңкылабынын Туу саяры Кайып Шери менен маек

-Кайып Шери мырза, ушул учурда парламент эл менен жолугушууга жана  августта эс алуу өргүүсүнө тарап кетти. Арийне, бийлик өз ишин жүргүзүп жатат. Кырдаал болсо курчуп жатат. ЖК тарар алдында 27-июнда экс-президент Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салды, эми “кол тийе берсин”деген шарт бар. 8 жана 11-июлда Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди ИИМ тергөөгө чакырды. Мыйзам боюнча барыбыз бирдейбиз, бирок Атамбаевдин адвокаты Слесарев Атамбаев экс-президент катары тергөөгө барбайт, ЖКнын токтому мыйзамсыз  деген пикирин айтып жатат. Ушул боюнча эмнени айта аласыз?

-Мыйзам алдында барыбыз бирдейбиз. Ооба, экспрезидент Атамбаев Батукаевдин иши боюнча акты ак, караны кара деп жооп бериши керек. Эмне үчүн Батукаев Бакиевдин же Отунбаеванын бийлиги учурунда бошотулган жок? Азыр Батукаевдин иши боюнча көптөгөн жооптуу адамдар жооп берип жатат. 2013-жылы Батукаев бошотулган учурда биз айтып чыкканбыз. “Кыңыр иш кырк жылда”-дейт, бул жерде “ачылбаган сандык” жатат. Ошол “сандыкты” ачып элге билдириш керек.

- Кайып Шери мырза, эки жолу бийлик ыңкылап менен алмашты. Сизге окшогон каратаман элдин азаматтары ыңкылапта чоң эмгек сиңирди. 2005-жылы 24-мартта сиз Ак үйдүн биринчи кабатында комендант болгонуңузду көп киши биле бербейт. Ошол кезде Шаботоев деген жигиттер да бар эле. Сиз Акаевдин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевди чоң муштумдардан сактап калганыңызды укканбыз. Акаев Ак үйдө элди атууга курал-жарак камдап, анын кайсы жерде сакталып жатканын саналуу гана кишилер билчү...

-Абдил Сегизбаевди балдар кармап алып, төпөштөп жатканда, мен аралжы болгонум чын. Сегизбаев курал-жабдык кайсы жерде экенин айтып берген. Кийин бул жетим уялбай УКМКны жетектеп жүрдү.  Ушулардын азабынан мен “Апрель революциясынын Баатыры” төш белгисин “официалдуу” Атамбаевдин туура эмес жүргүзгөн иштери үчүн тапшырып салгам.

-Учурда “Азаттык” сыяктуу чет мамлекеттер каржылап жаткан үн алгылар кыргыз жарандарын каралай баштады. Али Токтакунов деген журналист жөндөн-жөн эле, ай асманга секирип Матраимов 700 миллион доллар чыгарып кетти деп кан-какшап видеотасма уюштурду. Арийне, бетме-бет жолугушууда антип айткан эмесмин деп тайсалдаса, финпол текшерген учурда документтерин көрсөтө алган жок. Финпол иликтеп акча которуу жолу менен мыйзамдуу чет мамлекетке кеткенин аныктады. Эмне Али Токтакуновдун артында кара күчтөр барбы?

- Матраимовду Ош бажысынан Атамбаевдин бийлиги учурунда мамлекеттин бажысын оңдосун деп алып келишкен. Арийне, Атамбаевдин бийлиги апогейине жетип турганда Матраимовду кызынын айынан болбогон иштер менен куугунтуктаган. Матраимов сотто жеңип аны туура эмес каралап жатканын далилдеген. Ошондон соң ал атасына куран окутуп жатканда кайрадан каралай баштады. Бир учурда Атамбаев өзү барбаса да анын атасына куран окутуу үчүн Темир Сариев сыяктуу өкмөт башчысын жиберген. Атасына куран окутканды каралагандарга Матраимов жооп берген. Ошондон соң “Азаттыкта” далилденбеген  Али Токтакуновдун материалы чыгып жөн жаткан элге жаман таасирин тийгизип келатат. Али Токтакунов бул жерде “пешка”, Матраимовдон өч алуу үчүн зор күчтөр бар.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83