www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамин Акималиев: "Бийлик Атамбаевди мыйзам чегинде жазага тартыш керек"

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 16:52

Саясат


Жамин Акималиев: "Бийлик Атамбаевди мыйзам чегинде жазага тартыш керек"

Коомдук ишмер, Жамин Акималиев, "Бийлик Атамбаевди мыйзам чегинде жазага тартыш керек", - деп " Де - Факто" гезитине маек берди.

--Атамбаевдин акылы болсо тизелеп келип кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Эгер көгөрө берсе бийлик мыйзам чегинде жазага тартыш керек. Колу менен жасаганын мойну менен тартсын. Жаш прокурор жумшак айтып «Атамбаевге коюлган күнөөлөрдө кылмыштын белгиси бар» деди. Белгиси эмес накта өзү турганын көрүп жатабыз. Атамбаевсиз Батукаевди ким чыгара алат? Өз ыктыяры менен кеткенден кийин жөн жатпай коркутуп, шантаж кылып, кайра басып алам дегени эмне деген шумдук.

Демек, Атамбаев күнөөсү бар экенин сезип жатат. Эң жаманы, Атамбаев президент болуп турганда «кыргыздын душманы кыргыз, бөлүнбөгүлө» деп жүргөн. Бүгүн болсо кымындай кыргызды колот-колотко, түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Бул чоң кылмыш, атайын берене бар. Сталиндин учурунда болсо атып салмак, деген Жамин Акималиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83