www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муратбек Жапаров: "Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайы саясий бирикменин менчиги болуп саналат"

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 18:11

Саясат


Муратбек Жапаров: "Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайы саясий бирикменин менчиги болуп саналат"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашынган калпычы экендигин анын жанында чогуу жүргөн, чогуу иштегендери да айтып чыга баштады. Мисалы, жакында эле «Медиа Форум» ААКсынын мурдагы юристи Муратбек Жапаров кыргызстандыктарга кайрыпып, А. Атамбаевди колдобоону суранды,- дейт "Де - Факто" гезити.

«Мен «Форумда» эки жыл иштедим, анан Фарид Ниязов келгенден кийин эле эч кандай негизсиз, түшүндүрүүсүз мени жумуштан бошотушту. Кайра жаңы жумушка орношкондон кийин мен «Форумда» иштеп турган убагымда мен үчүн Соцфондко эч кандай төлөм төлөнүп келбегенин билдим. 2 жылдык жумушума эчтеке төлөнгөн эмес», - дейт ал.

Жапаров Атамбаевдин «Медиа Форум» компаниясы менен миллионер болгом дегенине ишенбейт. «Атамбаев ушул компаниянын жардамы менен өз капиталын топтогонун айткан. Бирок, бул жалган. Компаниянын андай дивиденддери жана каражаттары жок. Эч качан болгон да эмес. Анда болгону эки эле адам катталган: Надира Сатыгул кызы жана Адилет Жумалиев. Мен Атамбаевди айыптагым келбейт, анда ансыз деле айыптоолоручурда жетиштүү болууда.

Бирок, жарандардын ага ишенип албоосун каалайт элем. Ал эмнеге колун созсо, ошонун баары талкаланат, бүлүнөт. «Кыргызавтоматты» талкалагандай жарандардын да тагдырын талкалап коюушу мүмкүн», - дейт Жапаров.

«Медиа Форумдун» мурдагы юристи компания аркылуу КСДП партиясынын акчалары чыгарылып турган болушу мүмкүн дейт. «Ага Атамбаев өзүнө үй курду. Партиядан акчаны Надира эже чыгарган. Кой-Таштагы хансарай саясий бирикменин менчиги болуп саналат. Алмазбек Шаршенович, сиз андан чыгып кетишиңиз керек - ошондо туура болот. Болбосо балдар үйүнө бериңиз», - дейт «Медиа Форумдун» мурдагы юристи.

Жапаров учурда Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП партиясында иштеп жатканын билдирип, А. Кодуранова, Р. Момбеков жана А. Жээнбековдорду бул партияга кайра кайтып келүүлөрүн суранган. «Алмазбек Шаршенович, бул партиянын негиздөөчүсү эмес, бирок аны мамлекетти талкалагандай эле талкалай алды. Ага жардам бербөөңүздөрдү суранам», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg  

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83