www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Айдар Нуралиев 12-июль 2019, 19:43

Расмий кабарлар


«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын статистика жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу, аны Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы фундаменталдык принциптерине толук дал келтирүү, улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктун расмий статистикага болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат.

Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштөөсүн жөнгө салат, расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди белгилейт.

«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамы күчүн жоготот.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83