www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Айдар Нуралиев 12-июль 2019, 20:13

Расмий кабарлар


Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 26 мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда, «Расмий статистика жөнүндө» жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83