www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлмира Кудайбердиева: "Учкун" басмаканасы катасы бар 90 миңден ашуун аттестатты өз эсебинен алмаштырып берет"

Кызгалдак Жакыпова 13-июль 2019, 14:41

Илим Саясат


Гүлмира Кудайбердиева: "Учкун" басмаканасы катасы бар 90 миңден ашуун аттестатты өз эсебинен алмаштырып берет"

Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарындагы ката Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «Новые лица» гезитине берген интервьюсунда «Учкун» басмаканасы катасы бар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берет деп билдирди.

«Биздин кызматкерлер МККнын кызматкерлери менен биргеликте алгачкы нусканын үстүндө иштеп өткөрүп беришкен, бардык кол тамгалар турат. Бардык тамгалар туура жазылганын лупа аркылуу көрсө да болот. “Учкунда” эмне болгонуна комментарий бере албайм. Алар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берүүнү убадалашты», — деп айтты министр.

Андан тышкары, «Басмакананы аныктоо тендерин Билим берүү министрлиги эмес, МКК өткөрөт. Буга МККнын бюджетинде каражаттар каралган. Биздин министрликтен ага бир да тыйын каралган эмес. Конкурстун жыйынтыгы боюнча аныкталган басмакана так отчёттуулук менен тираждап, басып чыгарат», — деп кошумчалады Кудайбердиева.

Буга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө катасы бар болгон 95 миң аттестат тапшырылган. Баалардын табели аттестатсыз жараксыз деген жерде «жөнүндөгү» сөзү “ң” тамгасы менен жазылган — «жөнүҢдөгү». Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган «Учкун» полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83