www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендеги үрөй учурган жол кырсык

Кызгалдак Жакыпова 14-июль 2019, 20:09

Кылмыш жана кырсык


Баткендеги үрөй учурган жол кырсык

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан.

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында эки унаа кагышып, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү маалымат булактарга кабарлады.

Маалыматты ӨКМ да тастыктап, кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 08:30дар чамасында болгонун билдиришти.

Маалыматка ылайык, Honda Odyssey менен оор жүк ташуучу Howo унааcы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу мүрт кеткен. Ал Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду.

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан. Маркумдун унаасы жарабай калган. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83