www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноону алдын алуу борбору Саляновага байланыштуу ЖАМКга кат жолдойт

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 09:09

Саясат


Кыйноону алдын алуу борбору Саляновага байланыштуу ЖАМКга кат жолдойт

Кыйноону алдын алуу улуттук борбору камактагы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жолдойт.

Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Салянованы көрүп чыкканын "Азаттык" радиосуна 14-июлда билдирген. Салянова Сулаймановго саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын айткан. Буга чейин Аида Салянованын адвокаты анын ден-соолугуна кабатыр болуп, дарыланышы керектигин билдирген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын абалы көзөмөлдө экенин белгилеп, тынчсызданууга негиз жоктугун маалымдаган.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Орусияга кетишине байланыштуу ишке шек саналып, быйыл 3-июнда камакка алынган. 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83