www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Салянованы эркиндикке чыгаруу боюнча кол топтоо башталды

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 11:05

Саясат Коом


Аида Салянованы эркиндикке чыгаруу боюнча кол топтоо башталды

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычы менен кол топтоону башташты.

Эске салсак, экс- башпрокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Салянованын сиңдиси Чинара Турдалиеванын айтымында, тарапташтары жана туугандары президен Жээнбековго петиция даярдашты. Ага азыр жети миңдей кол коюлду.

"Биз мамлекет башчысынын сот чечимине аралашуусун суранган жокпуз, биз анын Аида Салянованын жүрөгү оорулуу экенине, 1-абакта кармоо басым жасалуу болуп жатканына көңүл буруусун өтүнөбүз. Ал азыр өзүн абдан начар сезип жатат. А сот болсо 26-августка чейин абакта кармоо чечимин кабыл алды", - дейт Чинара Турдалиева. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83