www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элчи К.Өмүралиев ТУУЖдун төрагасы М.Шентоп менен жолукту

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 11:16

Саясат


Элчи К.Өмүралиев ТУУЖдун төрагасы М.Шентоп менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү.

2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү.

К.Өмүралиев жана М.Шентоп Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Тѳрагасы Д.Жумабековдун Түркияга боло турган расмий сапары эки тараптуу кызматташууга жаӊы импульс бере тургандыгын айтып ѳтүштү.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык достук тобунунун Кыргызстанга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук Комитетинин делегациясынын Түркияга боло турган сапарларын талкуулашты.

Парламенттер аралык кызматташуу менен бирге, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин, анын ичинде 2019-жылдын 17-18 июлунда Анкара шаарында ѳткѳрүлѳ турган Кыргыз-Түрк Соода-экономикалык кызматташуунун Ѳкмѳттѳр аралык комиссиясынын 9-чу жыйынын ѳкѳрүү маселесин талкуулашты.

Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган "Кыргыздар күмбѳзү" жөнүндө К.Өмүралиевдин маалыматына, М.Шентоп үстүбүздѳгү жылдын август айында "Кыргыздар күмбѳзүнѳ" барып Изник шаарынын жетекчилери менен аны жайылтуу маселесин талкууга ала тургандыгы боюнча ниетин айтып ѳттү.

Маалымат катары:Изник шаары (эски аталышы-Никея) Стамбул шаарынын түштүгүнѳ 120 км. чакырым алстыкта жайгашкан. Учурдагы Изниктин аймагындагы үч кесилиш жолунда, жергиликтүү калкка «Кыргызлар тюрбеси» же болбосо 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан. Анадолу түрктөрү менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлери күмбѳздү акыркы баш калкалаар жер катары табышкан. Алар биринчилерден болуп өтүлгүс чепке кирип келгендиги үчүн, 13-кылымдын аягында Султан Осман Гази башкарып турган учурда жоокерлердин урматына күмбѳз курулган.

2006-жылы Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83