www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастан Сарыгулов: "Нарындыктар малсыңар", "Таластыктар эл эмес" деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү?

Кызгалдак Жакыпова 15-июль 2019, 14:38

Саясат


Дастан Сарыгулов: "Нарындыктар малсыңар", "Таластыктар эл эмес" деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү?

Атамбаевдин оозунан жакшы сөз чыкпайт. Бул тууралуу бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыпталып, шарттуу кесилген саясатчы Дастан Сарыгулов билдирди. Мурдагы мамлекеттик катчынын айтымында Алмазбек Атамбаев жалган - чынды кошуп, жоопкерчиликти сезбей сүйлөй бергендиктен, ал анын өздөрүнө көңүл бөлбөйт.

-Мен анын сөзүн таптакыр укпайм. Ал ойду - тоону, чын - калпты сүйлөй берет. Жоопкерчилигин сезбейт. Мисалы, «Нарындыктар малсыңар», «Таластыктар эл эмес» деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү? Кантип угасың! Бул адамдын оозунан жакшы сөз чыкпайт, ошон үчүн көңүл бурбайм, укпайм дагы - деди Сарыгулов. 

Эске салсак, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп 2016 - жылы кармалган. Алар кармаларда Интернетке бул адамдарга үнү окшош бирөөлөрдүн сүйлөшүүсү жазылган аудио тасма жарыяланган эле. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Кийин ал үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83