www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика министрлиги жыл башынан бери ИДӨ 6,4% өскөнүн билдирди

Айдар Нуралиев 15-июль 2019, 18:20

Экономика Саясат


Экономика министрлиги жыл башынан бери ИДӨ 6,4% өскөнүн билдирди

Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматына таянып, 2019-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 232,6 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүш 6,4% түзгөнүн билдирди.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда орточо экономикалык өсүш 2,1% түзгөнүн айтты. Ал эми айыл чарбасында 1,7%, курулушта 5,9%, өнөр жайында 20,5%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 1,4% , соодада 4,7% экономикалык өсүш болгон.

Ошол эле учурда 2019-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 2,6% төмөндөдү, мында экспорттун жөнөтүлүшү 3,7% көбөйдү. Ал эми импорттун келиши 4,7% азайды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83