www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сабырбек Жумабеков: «Өмүрбек Текебаевдин омурткасына операция жасайбыз»

Кызгалдак Жакыпова 17-июль 2019, 13:46

Ден-соолук


Сабырбек Жумабеков: «Өмүрбек Текебаевдин омурткасына операция жасайбыз»

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди:

— Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз.

Эске салсак, буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна июндун аягында которулган.

Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырылган.

Булак: NazаrNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83