www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Лүтфилла “шүмшүк” эмне деп ырдаган ыя?

Кызгалдак Жакыпова 18-июль 2019, 09:29

Маданият


ВИДЕО: Лүтфилла “шүмшүк” эмне деп ырдаган ыя?

Кыргызстанда анча-мынча ырлары менен катарга кошула калып, айрым учурда алып баруучу болуп, кээде муштумун кезеп элге таанылган Лүтфилла Бусурманкул уулу сүйгөн кызына “Шүмшүк” деген ырын арнап чыкты.

Лүтфилла “лүпүлдөгөн” мааниси жок ырын ютуб каналына ушул жылдын 5-июлунда жүктөгөн. "Айласыз" ырчыга окшош ырчы мырзанын жаңы ырын сындай кете турган болсок, музыканын стили кошуна мамлекет өзбектердики. Музыкасы өзбек ырчысы Бахриддин Зухриддиновдун “Адашдим” деген ырына коёндой окшош. Ал эми Бахриддин Зухриддиновдун музыкасындагы айрым окшоштуктар перулук “Пукараманта” тобунун музыканты Кар Хунун музыкасынан алынгандай.

Кызыгы, бул “ырчы” жигит бир аз изденип же ырдын башынан баштап “тык-тык”, аягында “дүк-дүк” деп аяктаса деле болмок, бул “шүмшүк”...

Ушул да ырбы? Жок дегенде музыкасына "тырмактай" заманбап ыргактарды кошуп койсо, "бечара" издениптир" деген ой жаралмак. 

Дегеле Кыргызстандагы ырчылар качан чоң ачылыш жарат? Акыркы күндөрү көпчүлүгү түнү тойдо, күндүзү мемиреп уйкуда. Маданият министрлиги ушундай жеңил-желпи ырларга тыюу салабы "или" булар деле эки бутту диванга асып коюп жатабы? Жакшы түш көрүңүздөр маданият министрлиги...Сиздерге көз тийбесин, тьфу-тьфу...

Булак: NazarNews.kg 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83