www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот дагы жылдырылды... Бул шылтоо эмей эмине?

Айдар Нуралиев 18-июль 2019, 14:54

Саясат


Сот дагы жылдырылды... Бул шылтоо эмей эмине?

Мына чыгат, ана чыгат деген Текебаевдин соту кайра 21-августка жылдырылды. Көрсө сотторго кылмыш ишиндеги эпизоддорду окуп чыкканга убакыт аздык кылып жатыптыр. Бул шылтоо эмей эмине?

Же чын эле ар бир деталына чейин окуп чыгууну соттор каалап жатабы? Жок эй. Алар бул иштин ийне-жибине чейин билишет. Жаттап чыкпаса да Маевскийдин кылган жоруктарынан кабары бар.

Айтор, дагы бир айдан ашык убакытка Өмүкенин пикирлештери чыдабаска илаажысы жок. Сот айттыбы, демек кыңк этүүгө айла табылбайт. Болгону Асия Сасыкбаеванын “аргументтери” кандай деңгээлге жетери табышмак бойдон турат. Ансыз деле бул фракция парламентте оппозиция катары саналат. Ал эми турмушта “Ата Мекен” партиясы чындап ошондой ыкмага өтөбү кеп ошондо. Учурдагы бийликтин деле колкосуна сөөк болуп тыгылган Өмүрбек Текебаевдин соту дагы канча мезгилге созуларын көзү ачыктар деле айталбайт шекилди.

Ким билет, балким “өтө таанымал” көзү ачык Света Тойгонбаевага жолдугун калың кылып лидердин жердеши Сайдылла Нышанов барса “саясий жыт” башкача нукта ачылып кетээр. Кур аякка бата жүрбөсүн андан көрө билеби десең сараң неме, - дейт "Ачык сөз" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83