www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билл Гейтс Миллиардерлердин тизмесинде үчүнчү сапка түшүп калды

Кызгалдак Жакыпова 19-июль 2019, 18:03

Дүйнө жүзүндө


Билл Гейтс Миллиардерлердин тизмесинде үчүнчү сапка түшүп калды

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Bloomberg Bilionaires Index рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү.

Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды. Бул ирет дүйнөдөгү эң бай адам деп Louis Vuitton Moet Hennesy  компаниясынын президенти Бернар Арно табылды. Ал жетектеген компания 107,6 миллиард доллар деп бааланды.

Ишкер болсо бир жылда эле байлыгын 39 миллиард.долларга көбөйткөн. Ошентип Арнонун байлыгы Гейтске салыштырмалуу 200 миллион долларга көп. Экинчи орунду Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээледи. Гейтстин эң бай адамдардын тизмесинен жылмышып түшүшүнүн себеби бар. Ал 35 миллиарддан ашык долларды Билл жана Мелинда Гейтс фондуна кайрымдуулук катары которгон. Үч миллиардердин каражат S&P 500, Walmert, Exxon Mobil жана Walt Disney өңдүү компаниялардын байлыгынан ашып түшөт, - дейт "Де - Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83