www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

Айдар Нуралиев 20-июль 2019, 10:18

Расмий кабарлар


Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019 жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган,             2015-жылдын 31-июлундагы „Токтогул ГЭСин реабилитациялоо.           2-фаза“ долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83