www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

Айдар Нуралиев 20-июль 2019, 10:21

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 19-июлда Ош шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору — 2ге  барды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) төрагасы Алмаз Мамбетов  Калкты тейлөө борбору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө Мамлекет башчысына маалымат берди.

Анын иши жаңы форматта жүргүзүлөт, бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча жарым-жартылай кызмат көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору -2  имаратынын аянты 300 м² жакын, күнүнө миңге чейин адамды тейлей алат. Белгилеп кетчү жагдай, мындагы бардык кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов ушундай эле жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору   жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков  жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен белгиледи.

Ал калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык пландаштырылган иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоонун маанилүү экенин белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83