www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүлөрдү өткөрөт

Кызгалдак Жакыпова 20-июль 2019, 17:42

Дүйнө жүзүндө


АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүлөрдү өткөрөт

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу жаңы келишим түзүүнүн келечегин баалоо максатында шаршембиде Женевада жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дональд Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Ак үй анын жыйынтыгында Кытайдын катышуусунда өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу үч тараптуу келишим түзүү ыктымалдыгы боюнча Кремлдин позициясы белгилүү болот деп үмүттөнүүдө.

Өзөктүк куралдын бардык түрлөрүн чектей турган мындай келишимдин зарылдыгы тууралуу буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече жолу билдирген. Кошмо Штаттардын лидери бул маселени быйыл июнда Жапониянын Осака шаарында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен жолугушкан маалда дагы көтөргөн.

Булак: Ачык саясат

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83