www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Булганыч иштерди да таптаза жасаса болот; Пародия: Сагынуу, Обону : Рыспайдыкы

Перизат Кутманалиева 22-июль 2019, 14:40

Кыска-нуска


Булганыч иштерди да таптаза жасаса болот; Пародия: Сагынуу, Обону : Рыспайдыкы

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,

Жаш кезимден Москвага кабылгам.

Бүт эркимди ээлеп алып Кремль,

Саясаттын этегине жамынгам.

Азыр мен да дале ойлоп жатамын,

Ошол кызмат бүткөн өңдүү канымдан.

 

Жымыңдашып жанып өчүп чырактар,

Жазуучулар Союзунда  убактар.

Стакандын кагышканын тыңшачу,

Алыс  калды Арашанда  курактар.

Чертчү эле Путин досум кез-кезде,

Миң кайталап акча берип суратпай.

 

Таптым далай кызматымдын айласын,

Путин достун көрүп калдым пайдасын.

Черткендерин эстегенде «черт возьми»

Ооруп кетет эми болсо, ай башым.

Ар  убакта жолукчу элек Ак үйдөн,

Айтчы деги, Сооронбай  дос  кайдасың?

 

Карай берип канча жолу камыктым,

Ак үй тарап жүрөгүмдү сагынттың.

Оо, бийлигим келчи кайра жаныма,

Күтө берип бүт денемди талыттың.

Кайрый албай Ак үй жакты, оо Кыяз,

Санжырадан  издейм кыргыз  тарыхын.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83