www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат

Айдар Нуралиев 22-июль 2019, 17:07

Кылмыш жана кырсык


Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин "Акун»" пансионатынын администрациясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 7-августта уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди.

"Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн сурап жатат".

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш кодексинин 258-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү") боюнча айыпталууда.

Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон, - деп "Азаттык" коомчулукка өз пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83