www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокурорлор деле өлөт, ошол үчүн Бакыт Халмурзаев адилеттүүлүктү кармап калыс болуш керек

Перизат Кутманалиева 23-июль 2019, 13:56

Коом


Прокурорлор деле өлөт, ошол үчүн Бакыт Халмурзаев адилеттүүлүктү кармап калыс болуш керек

Ош шаардык соту Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону улантууда. Анда эксперт Мая Марифбаева соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча көрсөтмө берип жатат. Анын айтымында, прокурор отурганы айтылганы “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаадан алынган далил буюмдардагы кандын тактары Мамажакыповго таандык экени аныкталды. Ал эми баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ок кайсы куралдан атылганы аныкталган эмес.

Буга чейинки отурумда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча дагы бир эксперт ок маркум Мамажакыповдун башына тийип, оң жагынан кирип, сол жагынан чачылып чыгып кеткенин айткан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай келет.

Абдибакыт Халмурзаев бүгүнкү Баткен облусунун прокурору.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83