www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан эки жаранды куткарып калды

Кызгалдак Жакыпова 23-июль 2019, 17:31

Кылмыш жана кырсык


 ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан эки жаранды  куткарып калды

2019 - жылыдын 22 - июль күнү болжол менен кечки саат 21:00дор чамасында  Ысык - Көл районунун Чолпон - Ата шаарында жайгашкан санаторийлердин биринде  Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир туугандар эже - сиңдилер  көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган  кызы жардамга чакырып кыйкырган.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди.

Ошол учурда, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин  “Шумкар” АБПнын кызматкери, №2 батальондун №1 ротасынын командиринин  орун басары Тынчтыкбек Борбиев сууга чөгүп жаткан адамдарга жардам  берүүгө умтулуп, аларга чейин сүзүп барып, жогорудагы көрсөтүлгөн  жарандарды куткарып, суу жээгине алып чыккан.

Андан соң, 102 кызматына  чалып, ыкчам топ чыкырылган. Ыкчам топ келгенче жарандарга биринчи  медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыкчам топ келген соң, жабырланган жарандар эч кимге болгон окуя боюнча  арыз дооматы жок экендигин, эч кандай медициналык жардамга муктаж  эместигин түшүндүрүшкөн.

Куткарылган жарандар милиция кызматкерине  ыраазычылык айтышып, ошол жерден эс алган ордуларына тарап кетишти.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83