www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эрнис Кыязов, журналист: "Жапаровду, видеокамерасы бар бөлмөгө камадык дешти эле, эми тастыктоочу видео-далилдерди эми көрсөтүшөөр бекен"

Гүлжан Шерипбаева 02-апрель 2017, 20:47

Саясат


Эрнис Кыязов, журналист: "Жапаровду, видеокамерасы бар бөлмөгө камадык дешти эле, эми тастыктоочу видео-далилдерди эми көрсөтүшөөр бекен"

Бумеранг 

Садыр Жапаровду УКМКнын эле абагында кармаса болбойт беле?.. Анан каалаганча сотко чакырып “сен момундай акмакчылыктарды жасаптырсың, далил мынакей; бакиевдерден акчасы менен митинг кылыпсың, ага далил мына; каптагаевди уурдап кеткенге тиешең бар экен далилдер мына..” деп бетине күнөөлөрүн мыйзамдуу койсо, эл деле “..аа күнөөсү бар неме турбайбы..” деп ынанмак. Кумтөр маселесин айтып, а түгүл бийликти эл аралык сотко берүүгө да камынып жүргөн Жапаровдун ал дооматтарын деле угуп, “Кумтөр боюнча биз өтө эле периштебиз, периштелик далилдерибиз мына” деп аргументтерди, фактыларды айтып, Жапаровдун бетине койсо бийликтин өзүнө эле абийир болмок. “

Баардык суроолоруңарга жооп берем, чакырсаңар кел деген жериңерге келем” деп алдын ала видео кайрылуу жасап, келээри туурасында мэрияга, ички иштер министрлигине расмий кат жиберип, өзү Кыргызстанга келген Садыр Жапаровду токумун жеген, тиришумдук кылмыштарды жасап, кримдүйнөнүн эң коркунучтуу даңгеселеринин уюгу болгон №1 колонияга камоонун канчалык кажети бар эле?..

Видеокамерасы бар бөлмөгө камадык дешти эле, Жапаровдун моюну жана колдорунун тамырлары кесилишине эмне түрткү болгонун тастыктоочу видео-далилдерди эми көрсөтүшөөр бекен? Же дал ошол убакта свет өчүп калган, видеокамера иштебей калган жасалма-далилдер пайда боло калабы? Отуз жетинчи жылдагы репрессиялык ыкманы колдонуп, орто кылымдагы жапайы коркутуу менен кишини эптеп эле сындыруу эмеспи максат?

Маселе тигил же бул тараптын туура камап же Жапаровдун туура эмес камалып жатканында-жатпагандында эмес. УКМК, Ички иштер министрлиги, Сот, Прокуратура, түрмө жетекчилиги Түштүк Кореядагыдай болуп, ар бир чечимин өйдө жакка кылчактабай, президенттен жалтактабай, өз алдынча чыгарып жатышкан болсо бир жөн...

Балээнин баары - колундагы сот, милиция, прокуратура, УКМКны пайдаланып кимди камагысы келсе камаган, камагысы келбесе камабай кое алган президенттин ХАНДЫК каалоосунда болуп жатат!... Так эле ушундай “баш кесерлик” бумеранг менен шорлотушпаса болду... ((

Эрнис Кыязов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (2)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Нургуля Догочиева, 23-май 2017, 20:09
fhfg
Арзыгул Абдибалиева, 17-май 2017, 07:36
Туура айтасын Эрнис Кыязов азыр чындыкты чындык эле деп айта ала тургандан да,эсептелуу эле адам калды.Ушу Мадумаров,Бакыт Торобаев,Саляновалар оз пикирин жакшы билдирди бирок баягы эле резултать жок.Айтып атып,башын кашып кала бермей.Эгер калыс адамдардын тобу бийликте кобурок кездешкенде Садыр Жапаровдой жигиттер турмодо эмес,эл учун кызмат кылып жургон болот беле!Атигинин кайран эр жигит.Кайран козго жаш аласын!Соз жок!Эмне десен да,биздин колдо бийлик жок!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83