www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевди Москвага коррупционер Андрей Бельянинов учагы менен алып кетти

Перизат Кутманалиева 24-июль 2019, 17:59

Коом


Атамбаевди Москвага коррупционер Андрей Бельянинов учагы менен алып кетти

Андрей Бельянинов татар, Раиса Атамбаева татар кызы болгондуктан Атамбаевдин кайынагасы катары мамилеси дурус. 2006 – жылдын 12-майынан 2016-жылдын 28-июлуна чейин Орусиянын Бажы кызматын тейлеген. Он жыл иштеп коррупционер катары, үйүн аңтарып, оор чатак менен кызматынан куулган. Үйүнөн мыйзамсыз 100 миллион рубль, 400 миң доллар жана 300 миң евро чыккан. Бирок анын үйүн аңтарганда, миллиарддаган ичип-жегендер чыккан соң  орус бийлиги Андрей мырзага артын салып койгон.

Андрей Бельянинов Бажыканада иштеп жатканда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны “Кыргызстандын досу” деп мактап жатып, Кыргызстандын Бажысына  Орусия тарап миллиарддаган акча бөлгөн.

Арийне, ал акча кайда кеткенин тирүү турган Атамбаев менен Кулматов ган билет. Тилекке каршы, кызылдай акчалардын "жаны" Алмаз менен Кубанычбектин чөнтөгүндө жаны кыйылган.

Так маалыматты айта кете турган болсок, учурда камакта жаткан Кубанычбек Кулматов аркылуу Атамбаев Андрей Бельянинов менен жакшы мамиледе болгон. Кулматовдор Андрей Бельянинов менен куда-сөөк болушат. Ал эми Алмазбек Атамбаев менен Андрей Бельяниновдун ортосун тыгыз байланыштырган миллиарддаган акча бар экени тар чөйрөдө айтылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бажыдан бошогон соң дасыккан коррупционер Андрей Бельянинов Евразия Өнүгүү банкына жетекчи болуп, Атамбаев кызматынан кеткенде эгемендүү Кыргызстанды “туруксуз республика, атка минерлери улам алмашат” деп жамандаганы жалпыга маалым. 

А бүгүн, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев так ошол Бажыда иштеп жүрүп мультимиллионер болгон, Бажы тармагын энесинин эмчегин соргондой соруп ичкен, "кара башыңды жегир" Бельяниновдун жеке учагы менен Орусияга учуп кетти. 

Мына коррупция Бажы тармагын Бельянинов белден ылдый басып, өкүртө жеп, өлгүдөй ичип самолет сатып алган. Калган байлыктарын "тизмектей" турган болсок "жаның чыкканча" ыйлаганга туура келет. 

"Чындыгында, мурдагы атакебиз Алмазбек Атамбаев Бажы тармагындагы өзүнүн эң жакын адамы Бельяниновдун уурдап кеткен иштерин билдирбөө максатында Райымбек Матраимовду айтып жатканы бул элди алаксытуу гана. Бельяниновдун алдында Бажы кызматында 9 ай орун басар болуп иштеген Матраимовду жөнү жок каралап жатат,-дейт шыбыртчыбыз.

Ошентип деги койчу Бельяниновдун Бажы тармагынан жеген акчасын тар чөйрөдөн угуп алып, оозубуз Ошту, көзүбүз шаркырап аккан Көкөмерен суусуна кадалды. Мына сага Атамбаев менен Бельяниновдун кылыктары жана былыктары...

Баса, Атамбаевди бүгүн, 24-июлда Кант авиабазасы аркылуу Бельянинов өзүнүн кымбат баалуу учагы менен кетти. Бул тууралуу эртең өзүнчө сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83