www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иш оңуна түшкөндөй салык төлөбөгөндөр качып, салык төлөгөндөр бюджетти толтура баштады

Перизат Кутманалиева 25-июль 2019, 14:46

Коом


Иш оңуна түшкөндөй салык төлөбөгөндөр качып, салык төлөгөндөр бюджетти толтура баштады

Мындан бир-нече мезгил мурун башкача эле, Атамбаевдин короосуна кирип жаткан “агын сууну” бууп, коррупцияга каршы күрөш ачкан Раим Матраимов кызматынан бошотулуп, куугунтукталып, артынан кара бойок, ушак жаап кеткен. Учурда, “Салыгыңды төлөп, сабырлуу жаша” дегендей атаандаштарынын оозунан “ат көтөргүс” ушак угуп жаткан Раим Матраимов, эрдемсинип мактанбай эле тиешелүү салыгын тыйынына чейин төлөп койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Эч кимге акаарат келтирбей, эч кимге колко кылбай эле эле төлөп койду.Фискалдык мамлекеттик орган кокон тыйынына чейин эсептеп чыкты эле  Раим Матраимов айткандарын аткарып койду. Биз чыгып жаткан маселелерди укуктун негизинде чечүүгө кадам коюп баратабыз. Мындай жаңы адат сүйүндүрүп жатат.

Өз төшүн каккандар андан үлгү алса болот. Анткени андай “кыйкырчаактар” төлө десе безеленип качышканы менен, башкалардан көп кыйкырышат. Ал эми жөнөкөй салык төлөөчүлөр бюджетти толтуруп жатышат, айлык акынын, пенсия жана жөлөк пулдардын  төлөнүшүнө төшүн тосуп берип жатышат. Ошол үчүн эл алдына чыгып алып кыйкыргандан көрө, сөөмөйүн кесеп  сөлкүлдөгөндөн көрө, жакшысы ушундай адамдардан өрнөк алып, элдин камын ойлой турган убак келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83