www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдик бийлик алмашып, Жээнбековдук бийлик шымааланып кирише элек...

Перизат Кутманалиева 25-июль 2019, 14:42

Коом


Атамбаевдик бийлик алмашып, Жээнбековдук бийлик шымааланып кирише элек...

Башка мамлекеттердин административдик-аймактык бөлүнүштөрүн карап отуруп, бизде облус, район деген бюджетибизден ашыкча «жем» жегендер, жүк болуп атканнын байкасак болот. Якут туугандарыбызда бир райондун эле аянты биздин республикабыздын аймагына барабар болуп калат. Ошондуктан, бюджетибиздин жүгүн жеңилдетүү үчүн административдик-аймактык реформага барышыбыз зарыл.

Административдик-аймактык реформа керекпи?

Албетте, керек. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп келаткан жагдайларды да салыштырып көрүш керек. Мына, мурунку союздаштарыбыздын бири Грузия, калкы 5 жарым миллиондон ашуун, бирок курамынан Абхаз автономиялуу республикасы менен Түштүк Осетия автономиялуу областы чыгып атат. Андан башка Ажар автономиялуу областы менен республикага баш ийген 66 району бар. Облус дегени жок.

   Албаниянын 4 миллионго жакын калкы  бар, 26 районго бөлүнгөн. Арменияда да 4 миллион калкы менен 36 районго бөлүнгөн. Даниянын калкы биздин Кыргызстан менен тең чамал, 5 миллиондон бир аз көбүрөөк, Гренландияны кошкондо 14 эле административдик бөлүктөн турат. Финляндиянын калкы да биз менен чамалаш, административдик жактан 12 губернияга бөлүнөт. Гондурас республикасы калкы 5 миллиондон ары ооп кетет, 18 гана департаменти бар болсо, ошол менен тең чамалаш Иорданиянын калкы 8 гана провинцияга бөлүнөт экен.

Биз менен калкынын саны бирдей  Лаос 16 провинцияга, Ливия 10 мухафазага (округ), Парагвай 16 департаментке бөлүнсө, биздин мамлекеттен калкы бир аз азыраак  Норвегия 20 фюлькелерге, Молдова 36 районго, Литва 44 районго бөлүнөт.

 

Мухафаза, Фюльке, департамент, провинция, дубан…

Ар мамлекет өзүнүн административдик бирдигин өзү каалагандай  коюп алышса болот. Эмне үчүн  биз союздан калган область, район дешибиз керек? Кыргызда дубан деген, аймак деген бирдиктер бар. Ушуларды колдонсок биздин чапаныбызды бирөө чечип алмак беле? Өткөн кылымда Кыргызстанда административдик-аймактык көптөгөн реформалар болгон. ХХ- кылымдын башында Орусияга караган кыргыз аймагы азыркы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагы Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездерине тиешелүү болсо, Талас облусунун аймагы  Сыр-Дарыя областынын Олуя –Ата уездине казактар менен бирге карап, Лейлек районунун аймагы Самаркан облусунун Хожент уездине кирип, калган  түштүк кыргыздар  Фергана облусунун Наманган, Анжиян, Ош, Маргалаң жана  Кокон уездерине өзбек, сарт, тажик менен аралашып баш ийген. Орусия империясы майда улуттардын кызыкчылыгын коргогон эмес. Кыргыз эли көрүнгөн облустун, көрүнгөн уездерине баш ийип келишкен. Уездер болуштуктарга бөлүнгөн.

  СССР түзүлгөндөн кийин деле бир топ административдик-аймактык өзгөрүүлөр болду. Мисалы Жалал-Абад, Талас, Чүй бир нече ирет жоюлуп кайра түзүлдү. Баткен кийин гана түзүлгөн облус. Областты жоюп кайра, түзүп отурушуп, СССР тараар алдында Ош жана Ысык-Көл облусу калган. Биздин мамлекетке жарым пашаа боло турган супероблустардын кереги жок.

  Кыргызстанда өрөөндөр бири-биринен тоо кыркалары  менен бөлүнүп, экономикалык жана жана башка шарттары бирдей калыптанган. Тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар. Бул аймактар кайсы бир убакта бир район болуп келишкен. Ошондуктан, аларды ирилештирип, бириктирип койсо, өз оокаттарын мурункудай эле жөндөп кетишет.

 Алсак, Базар-Коргон менен Ноокен, Чаткал менен Ала-Бука, Сокулук менен Москва, Алай менен Чоң Алай, Манас менен Кара-Буура. Бир убакта кандай бирдиктүү район болсо, ылайыкташтырып бириктирип туруп, ошол мезгилдеги райондун борборун, дубанга борбор кылып койсо, бул райондордо чоң көйгөй болбойт.

  Эми жаңы түзүлө турган дубандар деле кыйынчылыкты жаратпайт. Анткени, ал дубандардын борборлору азыркы областтын борборлору, же ири шаарлар. Ошол тегерек четтеги жашаган  эл, ансыз деле ушул шаарларга келип-кетип, бекем катнашта жашашат. Мына карап көрсөңүз: Каракол шаарын дубандын борбору кылып, Ак-Суу району менен Түптү кошуп койсо болот. Ал эми Балыкчынын борбор кылып, Ысык-Көл менен Тоң районун кошсо неге болбосун. Жалал-Абад шаарына Сузак менен алыстагы Тогуз-Торону  кошуп койсо, обочолонгон Тогуз-Торо эптеп Жалал-Абадка жармашып мыкты өмүр сүрмөк. Токмок шаарын Чүй менен Кеминди, Талас шаарына Талас менен Бакай-Атаны, Баткен шаарына Баткен району менен Лейлекти, Нарын шаарына Нарын району менен Ак-Талааны кошуп, Кара-Балта шаарына Жайыл району менен  1977-жылы бөлүнгөн Панфилов районун кошсо, 8 экономикалык жактан күчтүү, тарыхий жагынан орундуу ири дубан түзүлмөк.

  Калкынын саны аз болсо да , өзүнчө өрөөндөрдө жаткан Токтогул, Ат-Башы, Кара-Кулжа, Аксы, Кочкор, Жумгалга да дубан деген статус берип, ал эми калкынын саны жетиштүү Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Ысык-Ата, Аламүдүн, Араван, Жети-Өгүз райондоруна өзгөртүүсүз калтырып. ушул бойдон дубанга айлантсак, баары биригип Кыргызстанда 27 дубан болуп калат экен.

  Кыргызстанда 27 дубан жана 2 борбордук шаар: Бишкек менен Ош, баары биригип 29 административдик бирдиктен  баш деле айланып кетпестир. бирин-бири кайталаган 7 област жана 40 район жоюлуп, ордуна 27 дубан түзүлсө, башкаруу да жеңил, мамлекеттик бюджетке да канча жеңилдик болот эле.

 

Жергиликтүү башкаруу органдары

Атамбаевдик бийлик жогорку башкаруу органдарына реформа жүргүзөбүз дешип, «акырдан» «жем» жегендердин санын артырып жиберишти. Борбордук структуралардын жер-жерлерде  өз тармактары бар, административдик-аймактык реформа жүргүзө турган болсо алар кыскарат. эл менен түздөн түз кызматташа турган жергиликтүү башкаруу органдарын ирилештирип күчтөө керек. Азыр республикабызда 24 шаар, 29 шаарча, 1901 айыл-кыштак бар. Айыл кыштактарды башкаруу 429 айыл округдарынын мойнуна жүктөлгөн. Ар бир айыл округунун 5-6дан он чактыга чейин айылдарды башкарууга  мүмкүнчүлүктөрү жетишет. Алсак, Аламүдүн районундагы  Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө Таш-Дөбө, Бер -Булак, Воронцовка, Чоң-Таш, Заречная, Малиновка айылдары кирет. Бул айыл округуна Байтик айыл округун кошуп Арчалы, Байтик, Кашка-Суу, Байгелди сыяктуу айылдарды борбору Таш-Дөбө болгон аймакка бириктирсе, кадимкидей эле башкарып кетмек. Айыл өкмөтүнүн аппараты менен райондук акимчиликтин аппаратын салыштырып көрсөңүздөр канчалаган бекер оокат жегендерден бюджет кутулат эле. Айыл өкмөттөрүн ирилештирип Кыргызстанда 200дөй аймакты түзсө болот. Аймактын башчысын болуш десек, дубандын башчысын аким десек, орустун губернаторунун бизге эмне кереги бар?

Кара-Кужур өрөөнүндө Лахол, Жер-Көчкү деген айылдар Нарын районуна, ал эми калгандары Кочкор районуна карайт. Мунун баарын бириктирип бир аймак түзүп, жакыныраак Кочкорго каратып коюш керек. Мамлекетибиздин башка жактарында деле ушундай көйгөйлүү административдик-аймактык бирдиктер болсо, ылайыкташтырып реформа кылсак, алакандай кыргыз жерибизде, отуздай дубан, эки жүздөй аймак болсо, башкаруу органдарына кеткен чыгашалар азаят беле? Бул маселенин деле бүгүнкү күнгө тиешеси бар болуш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83