www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кайын журтумдун карызынан тажадым"

Айдар Нуралиев 26-июль 2019, 12:08

Коом


"Кайын журтумдун карызынан тажадым"

Мен чакан, чыр-чатактан алыс, маданияттуу, жалган айтпаган, карыз албаган чынчыл үй-бүлөдѳнмүн. Турмушка чыгарымда атам каршы болуп: «Үй-бүлөсүн жакшы билбейбиз», - деген. Макул болбой койгон элем, эх. Эми үч жыл ичинде атамдын айтканы чын экенин билдим. Кичүү уул-келин болгондуктан кайната- кайненемдин колундабыз, бирок 45 жаштагы кайнагам биз менен турат. Дагы башка неберелери болуп отуруп үйдө аз дегенде 10 киши жашайбыз.

Күйөөм баарын жалгыз багат. Бирок мени мындан да башка бир маселе абдан ойлонтот. Бул карыздар. Кайнатамдын, кайненемдин, кайнагамдын, үчөөнүн тең карызы бар, кеми 30 миң доллар. Эч кимиси төлөйүн дешпей, биринин шапкасын бирине кийгизип эле келишет. Жолдошум да насыя төлөйт. Келин болуп келген үч жылдан бери анын акчасын көрѳ элекмин. Эч нерсе да алып бербейт. Акчасынын баарын кайненем мага жеткирбей санап алат.

Экинчи наристебизди күтүп атабыз. Күйѳѳм жанталашып иштеп жүрүп аягында эч нерсесиз калгандан корком. Балдарыбыз эртең эле чоноёт, алардын келечеги эмне болот? Жалган сөздөн, интригадан, ушактан тажадым. Баары аз келгенсип кайненем менен кайнатам күн сайын урушуп-мушташып, ызы-чуу болуп турушат. Кетип калсам дейм, балдарымды атасыз калтыргым келбейт. Кетпей чыдайын десем келечегибизден корком. Бѳлүнүп да жашай албайбыз, жолдошум ата-энемди таштабайм деген.

Булак: "Lady.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83