www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Динара Акматова: “Гуаша массажы ички органдардын баарын гармонияга келтирет!”   

Айдар Нуралиев 26-июль 2019, 13:43

Ден-соолук


Динара Акматова: “Гуаша массажы ички органдардын баарын гармонияга келтирет!”   

Гуаша массажы боюнча адис, Динара Акматова, “Гуаша массажы ички органдардын баарын гармонияга келтирет!”, деп "NazarNews.kg" маалыматтык агентине маек курду.

Алгач Байыркы Кытайда колдонулган Гуаша массажы  көптөгөн дарттарга даба,  андан тышкары адамды 10-15 жылга жашарта турган дарылык касиетке ээ экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Аталган массаж тууралуу Кыргызстандагы жалгыз адис  Динара Акматова менен маектешкенибизде төмөндөгүдөй кызыктуу маалыматтарды берди. 

—Динара айым, биз сиздин Гуаша массажы боюнча Кыргызстандагы жалгыз адис экениңизден кабарыбыз бар. Андыктан аталган  массаж тууралуу  жалпы окурмандарга кеңири маалымат берсеңиз? 

—Гуаша массажы бул эң уникалдуу байыркы   Кытайдын массажы экен.   “Бул эмне массаж болду экен?”-деп элдер ойлонушат.   “Гуа” деген сөз кыруу, “ша” болсо жаман энергияны чыгаруу деген маанини билдирет. Бул массаж жасалганда адамдын денеси буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластина менен кырылат. Бул массажды күндө жасоонун кажети жок. Бир жумада бир же эки жолу жасаса болот. Курсу боюнча минимум 10 жолу, максимум 20 жолу жасалышы керек. Бир жылда бул массажды эки сезон (жаз, күз) же (жай,кыш)  алып койсо болот.  Эгер көп учурда адамдын маанайы чөксө, өзүн жаман сезсе, суукка урунуп калса, анда бул массажды алып койсо эң туура болот. Гуаша массажы мындай тартипте жасалат? Эң биринчи беш жумуш аткарылат гуаша массажында. Алгач тазалануу , 10-15 жылга жашаруу процесси, андан кийин дарылануу процесси болот. Анан регульяция (ысык менен суукту теңдөө) процесси жүргүзүлүп, акырында дарылануу процессинде  400дөн ашык дартка даба болот. Эң негизгиси дартты аныктоодо   (диагностирования) аркага мүйүз менен кырып  жасаганда көгала болгон сүрөт түшөт. Ошол сүрөт аркылуу адамдын дарты билинет. Эгер көйгөй көп болсо боордо болсо боорго, жүрөктө болсо жүрөккө, өпкөдө болсо өпкөгө жанагыдай сүрөт түшөт. Ал сүрөт  кандын составында сүт кислотасынын көптүгүнүн белгисин билдирет. Ар бир органдан үстүнө сүрөт түшөт. 

—Эгер массаж жасалгандан кийин денедеги сүрөт тез эле өчүп калса ал эмненин белгисин билдирет? 

—Ошол сүрөт массаж жасалар замат  же ошол эле күнү өчүп калса адамдын дени сак экендигин билдирет. Эгер ал  сүрөт эртеси күнү же эки-үч күнгө чейин  түшсө,  кээ адамдардыкы бир жумага чейин  кармалып кара-көк   тартып түшсө, анда адамдын  ден соолугунда көйгөй бар экендигин билдирет. Ошон үчүн бул массажда адамдын дартын так аныктап чыгарса болот. Ар бир так бул токсиндин көптүгү.  

—Бул массажды алаардын алдында алгач эмне кылуу керек? 

—Бул массажды алаардын алдында же болбосо массаж бүткөндө суу ичиш керек. Анан салмагы канча болсо 0,3кө  көбөйтүп ошончо суу ичип заара кылышы керек.  Салмагы 50 килограмм болсо  бир сутканын ичинде 1,5 литр суу ичип,  ал эми 100 килограмм болсо 3 литр суу ичип заара кылышы керек. Эң биринчи иммунитетти көтөргөндүктөн адамдын дени-карды сак болот. Адам иммунитети алсыз болсо көптөгөн дартка чалдыгат.

—Бүгүнкү күндө бизге жеткен маалыматтарга караганда алгач бул массажды кытайлыктар колдонгон экен. Алар бул массаж тууралуу кандай аныктама беришиптир? 

— Кытайлар бул массажды алганда:  “Если болить идёт лечение.  Если не болить просто облечение” деп айтышат экен. Иммундук системаны кытайлардын “бул коргоо министрлиги катарында миссия аткарат, эгер министрлик жакшы иштесе вирустар кол сала албайт” деп айтышары тууралуу да маалыматыбыз бар. Андан кийин жүрөк кан-тамырга, кант диабетине, инсультка, гипертония  ооруларынан тышкары ички органдардагы бардык жагына жакшы таасирин тийгизет. Эң негизгиси нервге байланыштуу бардык ооруларга (невралгия, истерия, эпилепсия, невроз, психоз)  тийгизген шыпаасы абдан күчтүү дарылануу болуп  эсептелет. 

—Бул массажды алгандан кийин адамдын абалы кандай болот ? 

—Адам бул массаж алганда өзүн 35 километр аралыкка чуркап келгендей абалда сезет. Ошондо адам  “без соница”  деген уйкусу качкан дарттан кутулат. Кан айлануу системасы калыбына келип, каны тазаланып, ал тургай терисинин өңү агара баштагандыктан адам жакшынакай көрүнүп калат.  

—Эми массажга колдонулуучу пластина тууралуу айтып берсеңиз? 

—Буйволдун мүйүзүнөн жасалган бул төрт бурчтук  пластинанын дарылык касиети абдан күчтүү. Анткени мүйүз 18 дары чөптүн составына салынып туруп  сууга кайнатылып даярдалган. Түзүлүшү болсо илгерки биздин апаларыбыздын чачы таралган таракка окшоп кетет. Адам ооруп температурасы көтөрүлүп турган учурда денесине койсо тапты түшүрөт. Андан тышкары адам өзүн жаман сезип турганда ар бир кырган сайын денесиндеги терс энергиянын баары чыгып кетет. 

—Дегеле терс энергия адамдын жолун байлайт эмеспи... 

—Мисалы, будаланып эле  жакшынакай кыздар турмушка чыга алышпай жүрбөйбү. Алардын сексуалдуу чакрасында, биоэнергиясында көзөнөк (дырка) бар. Бул анын сексуалдык энергиясынын баары кетип калгандыгын билдирет. Ошон үчүн бул массажды алып отуруп энергия ритмдеринин баарын толуктап, сексуалдык чакрасын ачса болот. Мисалы, супсулуу тал чыбыктай болгон кызды эч бир жигит байкайбайт, ал кызбы же башкабы?.. Себеби энергия жүргөн каналда эч кандай тоскоолдук болбойт. Анткени жер менен асмандан келген эки энергия гармониялуу жүрө баштайт.  Гуаша массажын толук алганда ички органдардын баары гармонияга келет. 

—Эмесе бул массаж бел кубаты начарлаган эркектерге  кандай таасирин тийгизет? 

—Эркектер аденома, простатит дарттарына чалдыкканда майда кан тамырларга кан жетиштүү барбай калат. Ошондо бардык орган өзүнүн функциясын жакшы аткара албай калат. Гуаша массажынын дарылоо процессинде майда кан тамырларга кан жакшы баргандыктан бул дарттар айыгып, ошону менен бирге эркектердин потенциясы көтөрүлөт.Кандын, лимфанын жана микроциркуляциянын  жакшы жүгүртүлүшүнөн улам. 

—Эми мынча болду дарыгер катары адам өзүн бактылуу сезе турганга мүмкүндүк  түзүп бере турган гормондор тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?

—1.Борбордук нерв системасынын үчтөн бир бөлүгү лецитинден турат.  2. Боордун 50%ы лецитинден турат. 3 .Сперма дагы белок-протеинден (лецитин,аминал кислота) турат.  Лецитин өзү эки бөлүктөн турат. Инозитол кандын составындагы холестринди азайтат жана экзема, псориаз дарттарын айыктырат. Ал эми холин-мозгдон ацетилхолин деген гормон трансмедиатор, эндорфин деген  затты бөлүп чыгарат. Ал зат сүйүү, бакыт, секс, күлкү, жыргалга мүмкүндүк түзүп берет экен. 

—Жыргал демекчи, көпчүлүк аялдардын мындай учурду  сезбегендиги эмнеден улам болот? 

—Көп учурда ацетилхолин бөлүнбөй калат. Ацетилхолин жетпеген үчүн статистика боюнча  аялдардын 80%ы оргазм ала албайт. Аялдык милдетин аткарып төрөй берет. Бирок кумардын туу чокусуна жетүүсү мүмкүн эмес. Ошон үчүн айрым үй-бүлөлөр ажырашканга аргасыздан мажбур болуп жатышат. Ошондой аялдарга эркектер көп учурда кызыксыз... 

—Учурда эрекциясы начарлаган эркектер көп эле кездешип жатпайбы. Сиз аларга дарылануу үчүн кандай витаминдерди сунуш кылар элеңиз? 

—Көп учурда эркектердин уруктугунун сапаты начарлап, нормадан көп пайыз азаят. Ал тургай уруктугунун кыймылы жай болуп калат экен. Бул көйгөйлөрдөн арылыш үчүн мен эркектерге  Омега 3 жана протеин витаминдерин сунуш кылмакчымын. Себеби бир гана  протеин деген зат эркектин уруктугунун сапатын жогорулатып, кыймылын  жетиштүү деңгээлде жөнгө салып, эрекциясын күчтөнтөт. Бул витаминдер менде бар. Андан тышкары Гуаша  массажы аркылуу да дарыланышса болот, 10-15 жылга жашарса, потенция да толук кандуу калыбына келет. 

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg                                                              


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83