www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Кызгалдак Жакыпова 26-июль 2019, 19:23

Расмий кабарлар


Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон бүгүн,  26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп чыкты.

Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат.

Эске салсак, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83