www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Путин кичинекей мамлекеттин "майдачыл" адамына акыл айтам деп чоң саясатта утулду

Кызгалдак Жакыпова 27-июль 2019, 19:10

Дүйнө жүзүндө Саясат


 Путин кичинекей мамлекеттин "майдачыл" адамына акыл айтам деп чоң саясатта утулду

Биздин улуу урматтуу мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына барып келгенден кийин саясатта эч кандай өзгөрүү болбоду дегендер жаңылышат.

Өзүнүн эгемендүү өлкө деп эсептеген Кыргызстандын мурдагы президенти өлкөнүн эгемендүүлүгүн кол шилтеп өлкө кызыкчылыгынан, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп эштеңдеп Маскөөгө барып кайтты.

Барып кайтканда жөн кайтпай, улуу державанын лидерин “3-4 жолу чакырды барбай койбосом болбойт” деп мактанып Путин экөөнүн ортосундагы саясый сырынын башын ачты. Минтип олтурса жакында Атамбаев “Путин, менин демилгем менен державаны башкарып жатат” деп тайманбай айта алат.

Канткен күндө дагы кыздын сыры төркүнүнө маалым, дегендей Атамбаев самолёттун барыш-келиши 100 миң долларга түшкөнүн ачыктады. Демек, болгон чыгашаны Орусия төлөдү. Кыргызстандын эң бай адамы Атамбаевдин 100 миң долларга күнү түштүбү?

Канткен күндө дагы Атамбаев укуктук талаадан чыгып, мыйзамды ого бетер бузуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө доо кетирди. Эми Атамбаев суракка келип, мыйзам алдында жооп бериши керек. Путин кичинекей мамлекеттин саясаттында болуп жаткан майдачыл адамга акыл айтам деп чоң саясатта утулду. Анткени Атамбаев баары-бир күнү Путин менен ортосунда кандай сүйлөшүү болгонун ачыкка чыгарып, коомчулукка жары кылып, Владимир “байкенин” абийрин айрандай төгүп, ит-маскарасын чыгарат. Анткени Атамбаев ички жана тышкы саясаттагы ачыкка чыкпай турган  “сырды” эч качан катпайт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83