www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда пенсия канча сомго көбөйөөрү белгилүү болду

Кызгалдак Жакыпова 28-июль 2019, 13:32

Экономика


Кыргызстанда пенсия канча сомго көбөйөөрү белгилүү болду

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия көтөрүлөт. Социалдык фонд өкмөттүн пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүнүн индексациясы боюнча токтомун коомдук талкууга койду.

Базалык бөлүктүн көбөйтүлүшү ушул жылы 4 миң 393 сом пенсия алган пенсионерлерге таандык. Соцфонддун маалыматына караганда, бул суммадагы пенсияны өлкөдө 246 миң (38 пайыз) жарандар алышат. Базалык бөлүктү 100 сомго көбөйтүү сунушталды.

Камсыздандыруу бөлүк 4 миң 283 сом пенсия алгандар үчүн 200 сомдон кем эмес суммага жогорулатылат. Же, өлчөмү бул суммадан жогору болсо, 320 сомго.

Жыйынтыгында, базалык жана камсыздандыруу бөлүк индексациясына ылайык, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 820 сомду түзөт.

Соцфонддун алдын ала алынган маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 667, 3 миң кишиге жетет, - дейт Саясат.кж.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83