www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кызгалдак Жакыпова 29-июль 2019, 13:48

Расмий кабарлар


«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — укук колдонуу практикасын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары — МЖӨ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу. 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

— Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзам күчүн жоготот;

— даярдоо же болбосо тендер өткөрүү баскычында турган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жаңы Мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик өнөктүн тандоосу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленди.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83