www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1,5 млрд. сомго жакын акчанын канчасын атка минерлер жейт?

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 10:01

Экономика


1,5 млрд. сомго жакын акчанын канчасын атка минерлер жейт?

"Электр станциялар" ишканасы кышкы мезгилге даярдык катары Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн 1 млрд. 420 миллион сомго тендер жарыялай турган болду.

Тендерге катышып, көмүр алып келгиси келгендер ишкана койгон талаптарды аткарышы керек.

Мисалы, көмүрдүн калорийи сапаттуу болушу абзел.

Эң кызыгы атың өчкүр, аты бар заты жок "Электр станциялар" ишканасы көп жылдан бери Казакстандын "Шабыркүл" деп аталган көмүрүн өндүрүп келаткан «Шабыркуль комир» АОсу менен түзмө - түз сүйлөшө албай, бир байкуш болуп келет. Ошондуктан бул ортомчулук ишти "Рассвет компани" деп аталган жеке компания аткарып, болушунча пайдасын көрүп жатканы маалым.

Албетте, ал ортомчу компаниянын артында чоң адамдар турат. Анткени ортодо оңбогондой чоң акча ойноп жатпайбы. Болбосо өкмөт деле казактар менен түз сүйлөшсө Шабыркүл көмүрүн алда канча арзан алмак. Президент эмне үчүн бул маселеге көз салбайт. Бул жагы да көп суроолорду туудурат.

Кыскасы, бул көрүнүш акча жемейдин ийгиликтүү ишке ашып келаткан даңгыр жолу эмеспи, - дейт Багыт.kg.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83