www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 12:33

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон өзүнүн сапарын улантууда. Бүгүн, 31-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Сооронбай Жээнбеков  аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача айтып берип, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүп жаткандыгын белгиледи.

Президент ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кырыгзстан менен иш алып барууга даяр,»  — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал  ирригация, таза суу менен камсыз кылуу, ипотекалык насыялоо, стратегиялык жолдордун курулушу, инфраструктуралык объектилер, энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын белгиледи. Өзгөчө экологиялык таза ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортту өнүктүрүү боюнча долбоорлорго токтолуп, мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Сот-укуктук реформа, коррупция менен күрөшүү, тышкы саясат, өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылууда. 

Жолугушууга Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышууда.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83