www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын мамлекет башчылары каякка качышат?

Перизат Кутманалиева 31-июль 2019, 15:47

Коом


Кыргыздын мамлекет башчылары каякка качышат?

Раззаковго чейин кыргыздын мамлекет башчыларын улуу орус элинин өкүлдөрү башкарышкан. Алар кызматынан түшкөн соң же Орусияга кетишкен, же камалышкан. Исхак Раззаков да Москвага кеткен, Усубалиев кызматынан түшкөн соң Бишкекте Ленин музейинди иштеп калган, Масалиев да Кыргызстанда калган, Акаев Москвада,Бакиев Минскиде, Отунбаева Кыргызстанда калды. Эң оор кырдаал Путиндин көрсөтмөсү менен Орусияда жашай турганын чече албай башы маң болгон Атамбаевде. Атамбаев Назарбаев сыяктуу бир эл аралык уюмду жетектеп калса кала бермек. Казакстандын акыркы жетекчилери Динмухаммед Кунаев Колбин жетекчи болгуча 26 жыл Казакстанды жетектеп келген. Назарбаевди да Кунаев көтөргөн бирок казак-кыргызга тиешелүү көрө албастыктан улам Кунаев да Назарбаев президент кезинде ур-тепкиге алынып көзү өткөн. Атамбаев да өзүнөн мурунку президенттерди ур-тепкиге алып жүрүп, эми өзү экс-президентке айланды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83