www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран улуттук валютасын деноминациялайт

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 17:16

Дүйнө жүзүндө


Иран улуттук валютасын деноминациялайт

Ирандын өкмөтү улуттук валютадан эки нөлдү алып салуу планын жактырды. Бул тууралуу 31-июлда кабинеттин жыйынынан кийин өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиеи билдирди. Эми долбоор парламенттен жана Революция сакчыларынын кеңешинен өтүүгө тийиш.

Ислам жумуриятында бир нече жылдан бери инфляция жогору болуп, улуттук акча – риалдын куну качууда. Реалдын деноминациясы көптөн бери талкууланып келет.

Апрелде Эл аралык Валюта фонду быйыл Ирандын экономикасы 6 процентке төмөндөйт, инфляция 40 процентке жетиши ыктымал деген прогнозун чыгарган.

Былтыр АКШ 2015-жылы Тегеран менен кол коюлган көп тараптуу эл аралык өзөктүк келишимден чыгып, санкцияларды калыбына келтиргени Ирандын экономикасы ого бетер начарлады, - дейт Азаттык.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83