www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: "Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш"

Кызгалдак Жакыпова 31-июль 2019, 19:16

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков: "Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш"

«Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып.

«Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83