www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Премьер-министри менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 01-август 2019, 17:09

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Премьер-министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди.

Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин баса белгилеп, Өзбекстан менен эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин саламын айтып, эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун баса белгиледи.

Абдулла Арипов Президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктап, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу жемиштүү ишин, өзгөчө аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерин баса белгиледи.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83