www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лимон кошулган суу түрдүү оорунун алдын алат

Кызгалдак Жакыпова 02-август 2019, 10:51

Ден-соолук


Лимон кошулган суу түрдүү оорунун алдын алат

Диетолог-адистер таза сууга лимон тилимин кошуп ичүүгө кеңеш беришет.

Ал организмдин туура иштешине, ары бет терисин жакшыртууга таасирин тийгизет.

Лимон тилимдери кошулган сууну диетологдор “Ден соолук суусундугу” деп аташат. Адистер бул суусундукту күн сайын керектөө иммунитетти гана жакшыртып койбой, унутчаактык оорудан, анемия сыяктуу дарттардан өз убагында арылууга жардамдашарын аныкташты.

Лимон кошулган кайнатылган жылуу суу боор, өт, бөйрөк ооруларынын алдын алууга өбөлгө түзөт. Өт жолундагы таштардын чогулбашына таасирин тийгизет. Организмди зыяндуу калдыктардан арылтат. Ал кан курамындагы токсиндерди жок кылып, теридеги пигменттүү тактар менен безетки, сепкил, бырыштын түшүшүнө жол бербейт.

Ошондой эле, лимон курамындагы магний, калий жана С витамини мээ, жүрөк жана нерв системасын ишин жакшыртып гана койбой, кан басымынын бир калыпта болушуна жардам берет.

Күн сайын эртең менен ач карын ичкен лимон кошулган суу нерв системасынын иштешин бир калыпка келтирип, денеге күч-кубат менен сергектик тартуулайт.

Стресс, депрессия, көңүлсүздүктүн болушуна тоскоол болот. Жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө бул шире чаңкоодон куткарса, кышында адамга жылуулук менен күч тартулоочу касиетке ээ. Ал үчүн кайнаган 1 литр ысык сууга лимон тилимдерин салып коюңуз. Муздаган кезде аз өлчөмдөн кабыл ала баштаңыз. Кийин кабыл алуу мөөнөтүн көбөйтүңүз.

Ошондой эле, каалооңуз боюнча, бул ширеге 1 чай кашык бал же жалбыз жалбырагын кошууга болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83