www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: "Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору"

Кызгалдак Жакыпова 02-август 2019, 12:48

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков: "Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору"

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу Кеңештин катышуучулары!

Ардактуу мекендештерим!

Ата-Журтубузга — керемет Кыргызстаныбызга кош келиңиздер!

Алыстан ат арытып келгениңиздерге кубанычтабыз.

"Туулган жердин топурагы алтын" дейт элибиз.

"Мекеним" дегенде атуулдук, улуттук сезим ойгонот.

Ошондуктан, эч ким киндик каны тамган Ата-Журту менен байланышын үзбөйт.

Ар бир мекендешибиздин чет жерде жүрүп жетишкен ийгилиги — элибиздин ийгилиги.

Алыстагы мекендештерибиздин басымдуу көпчүлүгү — таман акы, маңдай тери менен өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн бакубат, жетишкен турмушту курууга умтулган адамдар.

Кайда болсоңор да, Силер көп улуттуу Кыргызстандын уул-кыздарысыңар.

Күнүмдүк тиричилик менен гана алек болбой, улуттук дөөлөтүбүз болгон бай тарыхыбызды, маданий мурасыбызды жайылтууга салым кошуп жатканыңар үчүн ыраазылык билдирем.

Урматтуу мекендештерим!

Сиздердин сунушуңуздар менен Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча атайын кеңешти түзгөнбүз.

Бүгүн биз ошол Кеңештин биринчи жыйынын өткөрүп жатабыз.

Кеңештин курамы 42 кишиден турат.

Бүгүн талкуулана турган маселелердин маанилүү экенин эске алып, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрүн да чакырдык.

Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, Элчилер жана консулдар катышып жатат.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Иштөө регламентин бекитүүдөн мурда таанышып алсак. 

Кеңешке мүчө болгон мекендештерибиз дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келишти.

Бул курамда биринчи жолу жолугуп жатабыз.

Азыр өздөрүн тааныштыруу үчүн Кеңештин мүчөлөрүнө кыска сөз берсек.

Анда, сол тараптан, сааттын жүрүшүнө ылайык баштасак.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!  

Эми бүгүнкү жыйналыштын күн тартибин бекитип алалы.

Күн тартибине эки маселе коюлду.

Биринчи — Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин отурумунун биринчи күнүнүн негизги жыйынтыктары.

Баяндамачы: Омурбекова Алтынай Сейтбековна — Вице-премьер-министр, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Экинчи — Кеңештин мүчөлөрүнүн негизги маселелер боюнча сунуштары.

Мекендештердин сунушу боюнча сөз сүйлөй тургандар:

Мамаева Өктөм Мамаевна, „Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы Шаматов Дүйшөн Шаматович, „Мекен-Карт“ улуттук демилгесин киргизүү боюнча Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович, „Мекеним“ программасы боюнча Сарыгулов Айбек Жамангулович, Кеңештин иши боюнча. Андан кийин эркин талкуу болот.  Жыйынтыгында Кеңештин чечимин кабыл алабыз. 

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн башында Кеңештин негизги максаттарына токтолуп кетейин.

Биздин чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты бекемдөө маанилүү экендиги талашсыз.

Алардын укуктарын коргоп, колдоо көрсөтүү, маданий жана тарыхый байланыштарды сактоо, диаспоралардын мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнү өнүктүрүү процессине тартуу үчүн Кеңештин негизги максаттары төмөндөгүдөй аныкталды:

— мамлекеттик органдар жана мекендештердин ортосунда эффективдүү диалог аянтчасын түзүү;

— мекендештердин өлкөгө кайтып келүүсүнө өбөлгө түзүү;

— мекендештерди Кыргыз Республикасынын өнүгүү процесстерине тартуу, буга мүмкүнчүлүк берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу;

— алдыңкы технологияларды, тажрыйбаны жана билимди трансфер кылууга көмөк көрсөтүү. 

Өзүңөр билгендей, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки улуттук стратегиясын кабыл алганбыз.

Бул стратегияда экономиканы өнүктүрүү, жакырчылыкты азайтуу, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу максаттары коюлган.

Адамдын өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасалат. 2040-жылы Кыргызстан жогорку баалуулук катары адам, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары жана эркиндиги сакталган мамлекет болушу керек.

Өлкөбүздүн ийгилиги — биринчи кезекте, адам ресурсунун сапатынан көз каранды.

Кыргызстан адам ресурстарын өнүктүрүү жана жогорку технологияларды киргизүү аркылуу гана атаандаштыкка туруштук бере алат.

Биз — кен байлыктын эмес, акыл-эстин, билимдин эсебинен өнүгө ала турган өлкөбүз!

Ал үчүн, биринчи кезекте, билим берүү тармагынын негизги милдети — сабаттуу, жөндөмдүү, мезгилдин талабына жооп берген инсанды даярдоо болушу керек.

Адамдын өнүгүүсүнө туруктуу инвестиция салуу саясаты аркылуу, кыргызстандыктардын жаңы муунун түзүүгө тийишпиз.

Билимдүү, дени сак, адеп-ахлактуу жана маданияттуу кыргызстандык кандай жагдайда болбосун, бардык тобокелдиктерди жеңип чыгууга даяр болот.

Мамлекетибиз азыркы замандын талабына, келечектин чакырыктарына даяр болушу абзел.

Сапаттуу билим, жаӊы жумуш орундарын түзүү — баарыбыз жапырт кирише турган милдет.

Жаӊы жана таза технологияларды өздөштүрүп, экономика, социалдык чөйрө, башкаруу системасын жаӊылоо абзел.

Мезгил талабына жооп берген санариптештирүү процессин ыкчам жайылтуу — башкы максатыбыз.

Мына ушул жаратмандык иштерге мекендештер зор салым кошот деп ишенем.

Анткени, биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору.   

Алар Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, коомдо татыктуу ордун ээлөөгө укуктуу.

Бирок, биз мекендештерибиз көтөргөн маселелерди да чечишибиз керек. 

Миграция процесстери мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары, тобокелдиктерди да пайда кылууда.

Тез өзгөрүп жаткан тышкы жана ички процесстер Кыргызстан үчүн төмөнкүдөй чакырыктарды жаратууда:

— өлкөнүн чек ара райондорундагы социалдык-экономикалык жагдайдын чыңалышы;

— улуттук жана аймактык коопсуздукка коркунуч келтирүүсү;

— квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетүүсү;

— өлкөнүн региондорунда экономикалык жактан активдүү калктын, өзгөчө эмгекке жөндөмдүү жаштардын санынын азайышы;

— өлкөдө контролго алынбаган ички миграциянын жүрүшү.

Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган тобокелчилик — бул эмгек мигранттарынын балдары жана миграцияда төрөлүп, каралбай калган балдар.

Миграция ар бир үй-бүлөнү камтып, инсандын өсүшүнө, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизип жатат.

Бул жагдайларды эске алуу менен, өнүгүүнүн так багыттарын аныктоо талап кылынат.

Ал үчүн тез аранын ичинде негизги үч милдетти аткарышыбыз зарыл.

Биринчиси —  мамлекет тарабынан биздин мекендештердин мыйзамдуу түрдө статусун бекитип, аларды таануу.

Экинчиси — мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу.

Үчүнчүсү — мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү.

Жогоруда айтылган милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгү демилгелер сунушталган:

— мекендештерди колдоонун мамлекеттик саясатын аныктоо;

— „Мекен-Карт“ улуттук демилгесин ишке ашыруу;

— экономикалык долбоорлорду жана өнүгүү программаларын аткаруу үчүн диаспоралардан инвестицияларды жана бизнесмендерди тартуу;

— мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.

Бул сунуштардын негизинде иш-чаралардын планы бекитилип, аткарууга алынган.

Кеңештин биринчи күнүндө, аталган  тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды уктуңуздар.

Мындан тышкары онлайн ресурстар аркылуу мекендештер тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн жана сунуштардын тизмеси түзүлүп, иштелип чыкты.

Маселелердин дээрлик көбү Тышкы иштер министрлигине караштуу.

Ошондуктан, Чынгыз Азаматович бул маселени элчиликтер менен биргеликте терең карап чыгуу керек.

Ошол эле убакта чет өлкөдөгү мекендештерибизден абдан көп пайдалуу сунуштар жана идеялар келип түшкөнүн да айта   кетейин.

Мисалы: Тюмендеги диаспорадан биздин айыл чарба продукциясын Россиянын базарларына чыгаруу боюнча жардам берүү сунушу түшкөн. Англиядагы диаспора жогорку технологиялар тармагындагы алдыңкы тажрыйбаны алмашуу жана кадрларды даярдоо боюнча сунуш берген.

Урматтуу мекендештер!

Акыркы он жылда Кыргыз Республикасына эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн.

Салыштырып кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү.

Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору. 

Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда.

 Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди.

Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда.

Акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда.

Кичи мекениндеги социалдык жана экномикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштады.

Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө.

Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенебиз.

Бул тажрыйба региондорду өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң колдоо- көмөк болууда.

Азыркы күндө региондордо жергиликтүү фонддор түзүлүп жатат.

Бул фонддор кичи мекенин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп, биздин мекендештер салымын кошууда.

Биз бул тажрыйбанын жалпы республика аймагына жайылышын колдойбуз.

2018-жылдын 12 айында мекендештер жана жеригилктүү ишкерлер тарабынан 6,1 млрд. сомго иштер жасалды.

Анын ичинен:

— 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар;

— 373 социалдык объекттер курулуп,  оңдолгон.

— 170 километрден ашык жол оңдолгон;

— 96 ичүүчү суу түтүктөрү оңдолуп, курулган;

— 71 ирригация түтүктөрү жасалган;

— 8 сел тосмолору курулган;

— 691 кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар ачылган;

— 4086 жакыр үй — бүлөлөргө жана үй-шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлгөн.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мекендештериме аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги демилгелерди колдоп жаткандарына терең ыраазычылык билдирем.

Аймактарды өнүктүрүү иштери тийиштүү Жарлыгымдын алкагында быйыл экинчи жыл жүрүп жатат.

Бул менин президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыт болот, бир-эки жыл менен чектелбейт.

Бирок, айрым райондордо жергиликтүү бийлик ишкерлер, мекендештер менен алака түзө албай жатат.

Мамлекеттик миграция саясатын жүргүзүүгө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары активдүү катышууга милдеттүү.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мекендештер жана жергиликтүү бийлик органдары биргеликте баштаган долбоорлор ийгиликтүү болууда.

Айта кетсем, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада эмгек мигранттары жана мекендештерибиздин колдоосунда 153 ар түрдүү фонддор — өнүктүрүү фонду, кайрымдуулук фонду жана башк ашул сыяктуу фонддору түзүлгөн.

Аларда 2 млрдга жакын сом топтолгон.

Мен фонддордду түзүү, иштетүү процессине жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн өзгөчө бургум келет.

Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештерибиз менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл.

Мен аймактарды кыдырып жатканда көрүп жатам, кайсы жердин акими, айыл өкмөтү ишке дилгир болсо, ал жерлерде фонддор түзүлүп, жамааттар мобилизация болуп жатат.

Урматтуу мекендештерим!

Мамлекет тарабынан дагы сиздерге колдоо көрсөтүү аракеттери жасалууда.

Сиздер берген сунуштардын негизинде „Чет өлкөдөгү мекендештерге мамлекеттик колдоо көргөзүүнүн негиздери“ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр иштелип чыккан.

Бул өзгөрүүлөр кабыл алынган соң тийиштүү мамлекеттик программа иштелип чыгат.

Бул Программанын алкагында миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өнүктүрүү, коопсуздук маселелери, сыртта жүргөн мекендештердин өлкөнүн өнүгүү процесстерине катышуусу, мекендештер менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизмдери жана ыкмалары аныкталышы зарыл.

Мындан тышкары сиздердин сунушуңардын негизинде „Мекен-Карт“ жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Ага ылайык жаңы укуктук статус киргизилет.

Бул статусту алган жаран мекени, тууган-уругу, жакындары менен байланышын үзбөй, Кыргызстанга тоскоолдуксуз келип кетүүгө  мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары бул статус Кыргызстанга инвестиция салууга, билим берүү, саламаттык сактоо кызматтарын пайдаланууга жана иштөөгө шарт түзөт.

"Мекен-Картты" алган ар бир мекендешибиздин укуктары мыйзам түрүндө корголот. Мекен-карттын колдонуучусу кошумча укуктарга ээ болгондон тышкары анын милдеттери дагы так көрсөтүлүшү керек деп эсептейм.   

"Мекен-Карт" боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү, бул демилгени колдогону үчүн парламентке  ыраазычылык билдирем.

Кеңештин бүгүнкү жыйналышынын алдында бул мыйзам долбоору боюнча кызуу талкуулар болду деген маалыматты алдым.

Мекендештерге жогоруда айтылган укуктардан дагы кеңири укуктарды берүү сунушу айтылган.

Бирок, кээ бир сунуштарда биздин ички мыйзамдык нормаларга туура келбей калган учурлар бар.

Келип түшкөн сунуштарды кылдат анализдеп чыгууну Секретариатка тапшырабыз.

Укуктук инструменттерден жана стимулдардан тышкары финансылык жана экономикалык инструменттер иштелип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Мекеним" программасы даярдалууда.

Ага ылайык эмгек мигранты же мекендешибиз өлкөбүзгө инвестиция салууга шарттар түзүлөт.

"Мекеним" программасынын алкагында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, өнөр жай зоналары, инвестициялык лоттор жана башка ыкмалар менен мекендештердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда.

"Мекеним" программасы — бул экономикалык инвестициялар гана эмес. Биз мекендештерге социалдык долбоорлорго жана интеллектуалдык потенциалды колдоого да инвестицияларды салууну сунуштайбыз. Аларды мамлекет колдогонго жана кошо каржылаганга даяр.

Урматтуу мекендештерим!

Аталган максаттарды жана милдеттерди өз убагында жана толук кандуу ишке ашыруу үчүн институционалдык өзгөрүүлөргө барышыбыз керек.

Сыртта жүргөн мекендештер менен өз ара мамилелерди мамлекеттик колдоо, координациялоо жана өнүктүрүү талаптарына жооп берген мамлекеттик органды аныктоо зарыл.

Ал бир жагынан мекендештерди Кыргызстанды өнүктүрүү процессине тартса, экинчи жагынан маданий, маалыматтык жана билим берүү багытында көмөктөшчү иштерди аткарат.

Ушул багыттар өлкөнү өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.

Биз алардын ар бирин талкуулап, биргеликте чечим кабыл алууга тийишпиз.

Натыйжага жетиш үчүн Өкмөттү, анын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюшкандыкта, мазмундуу иш жүргүзүүгө чакырам.

Урматтуу Кеңештин катышуучулары!

Бүгүн биз иштиктүү диалог жүргүзүп, сунушталган стратегиялык документтерге, Кеңештин кийинки жылга иш планына керектүү сунуштарды берүүгө тийишпиз.

Кеңештин натыйжалуу жана ийгиликтүү иши үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшө билишибиз керек.

Сиздерди конструктивдүү болууга, мазмундуу демилгелерди жана иштиктүү чечимдерди кабыл алууга чакырам.

2019-жылдын ноябрында донордук конференция болот.

Биз өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө, мекендештер менен өз ара кызматташууда белгиленген багыттарды, демилгелерди колдоого чакырып, кайрылабыз.

Анда мен үч тараптуу — мамлекет, мекендештер жана эмгек мигранттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүү процессине көмөк көрсөтүүнү демилгелейм».

     


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83