www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - КР Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

Кызгалдак Жакыпова 02-август 2019, 17:24

Расмий кабарлар


Сүрөт - КР Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

Бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болуп өттү.

Кеңеш Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн, аны түзүү чечими «Мекендештер-2018» Мекендештердин форумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Россия, Казакстан, Түркия, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, БАЭдеги мекендештер кечээ, 1-августта, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулушуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен миграциялык саясатка байланышкан маселелерди талкуулашты.

Бүгүн алардын алдында сөз сүйлөп жатып, Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенишүү, алардын өлкөнү колдоого багытталган демилгелерин колдоо боюнча мамлекеттик саясат жөнүндө айтып берди.

Кеңештин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары Мамлекет башчысына дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишмердиги, продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо, визалык маселелер, Кыргызстанга кайтып келгенде жумушка орношуу ж. б. көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Жыйынтыгында айтылган сунуштар жана каалоо-тилектерди эске алуу менен чечимдин долбоору кабыл алынды.

Соңунда эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Кеңештин жыйыны секцияларга бөлүнүп, талкуулоо форматында уланды.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83