www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык оппозиционер Иван Жданов ачкачылык жарыялады

Кызгалдак Жакыпова 03-август 2019, 15:07

Дүйнө жүзүндө


Орусиялык оппозиционер Иван Жданов ачкачылык жарыялады

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Антикоррупциялык фондунун башчысы, 15 күнгө камалган Иван Жданов ачкачылык жарыялады.

Жданов - Москва шаардык кеңешине 8-сентябрда боло турган шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлердин бири. Ал ачкачылык жарыялоосун камакка алган сот чечимине каршылыгы менен түшүндүрдү.

“Менде өз позициямды билдирүүгө башка жол жана мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнтөн тарта мен ачкачылык жарыялайм. Мен суроолорго жооп берүүдөн баш тартам. Мен бул сот жараянына катышуудан баш тартам”, - деди Жданов 2-августтагы сотто.

29-июлда сот Ждановду андан эки күн мурда Москвада болгон уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн 15 суткага камаган. Бүгүн, 2-августта анын апелляциялык арызы каралууда.

Москвада 27-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция элди кууп таратып, 1373 адамды кармап кеткен. Анын ичинде ондогон киши административдик жазага тартылып, айрымдары 30 күнгө чейин камалса, башкалары айыпка жыгылды. Кээ бир демонстранттарга "полицияга кол салган" деп кылмыш иши козголду, деп "Азаттык" өз пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83