www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Күлгө ойнобогула, даарат ушатпагыла, ысык суу чачпагыла..."

Кызгалдак Жакыпова 05-август 2019, 08:25

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Күлгө ойнобогула, даарат ушатпагыла, ысык суу чачпагыла..."

"Ооруну берүүчү да жараткан Алла, шыпаа берип айыктырчу да жараткан Алла" деп айтып коюшат го. Жараткан Алла ооруну адам баласына жөн бербейт, ошол ооруну жөнөтүп адам баласын оорутуп кыйнап, ошол оорусу аркылуу күнөөсүн тазалап кечирет.

Бир жолу пайгамбарыбыз (С.А.С.) бир макулукка жолугат экен, "сен кимсиң, кайда баратасың?" деп сураганда, ал минтип жооп берилтир "Мен деген оорумун, Жараткандын буйругу менен адам баласын оорутам дагы денесиндеги бардык күнөөсүн жеп, тазалап жутуп алып андан соң ажырашып кетем". Ал эми бул кишинин оорусу болсо башкача оору экен. Көп убакьптан бери ал киши кыйналып баса албай жүрдү. Оң жак санын көрсөтүп эле ботодой боздоп ыйлайт.

Барбаган доктур, табып калган жок. Ар кимиси ар кандай диагнозду коюп акчасын алып, дарылашып, анча-мынча жакшы болгону менен кайра эле ошол оорусу кайталанып башталат.

Табыпка барса деле ошол, адегенде жакшы болгонсуп турат, анан эле кайра мурункусундай чыдатпай оорутуп кирет. Ичпеген дарысы, көрүнбөгөн апшраты калган жок, атүгүл борбордук диагноз чыгаруучу жерге да барыл, буттарын тартгырып көрдү. Ал жактан дагы эч кандай жыйынтык чыгара алышпады, "аппарат көрсөтүп жатат, буттарың баары зле жакшы экен" деп кагаздагы результатын көрсөтүштү.

Чиркин, ден соолук деген кыйын экен, өзүнүн ден соолугу үчүн эч нерсесин аяган жок, акчасын болушунча чачты. Бул жалган дүйнөдөгү жашоонун маңызын ошондо түшүндү окшойт. Жаның көзүңө көрүнүп кыйналып турсаң, заңгыраган көп кабаттуу үйүң деле, үй толтура дүр - дүнүйөң деле, акчаң деле, кычыраган машинаң деле бир тыйынга тете болуп калат экен да. Муну ден соолугу чың, оорубаган киши анча билбейт.  Эң күчтүү деген дарыгерлерге, атактуу табыптарга барды. Алар колдорунан келишинче дарылоого аракет кылышты, эч майнап чыгара албаган сон, башкалардын дарегин берип, ошолорго жөнөтүп кутулуп кетип жатышты. Айласы кеткен киши "Эми кайда барам, эмне кылам, кимге көрүнөм?

Барбаган, көрүнбөгөн жерим калган жок, баардыгынан эч бир жылыш болбоду. Айла кетги го" деп ал ботодой боздоп ыйлайт. Аны көрүп бооруң ооруйт.Өзү коңшулардан айырмаланып жакшы турат.

Кычыраган үйү, машиналары, бир канча бизнеси бар, тамакка да көңүлү чаппай, эл менен да сүйлөшкүсү келбей өзүнчө жалгыздап, четтеп, өзү менен өзү болуп бөлүнө баштады. Чындыгында жаны кыйналып турган адам эч нерсеге көңүлү жок болот окшобойбу. Биз андай болуп ооруп көрбөсөк кайдан билебиз. Мурун дайыма эле шатыра-шатман болуп, күлүп учурашып көңүлдүү жүрчү.

Атүгүл кошуналарыбыздын эң шайыры, тамашакөйү ушул киши болчу. Тамакка да табити чаппай арыктап жүдөгөнү билинип турат. Кез - кез ден соолугун сурап барып койгонубуз болбосо, ал эч ким менен сүйлөшпөй түнт болуп кетти.

Оору деген кулк - мүнөздүн бардыгын заматта өзгөртүп таштайт экен да. Аны көрүп "ооруну кишинин башына бербесин" деп бооруң ооруйт. Эч ким эч кандай жыйынтык бере албаган соң, каякка барарын билбей шалдырап эле отуруп калды.

Ким кайсы табып, врачты айтса эле дароо ошол жакка жөнөп калат, "биринен болбосо биринен, жараткан өзү шыпаа берээр чыгаар..." деп үмүтү чоң.

Ошондой күндөрдүн биринде атайын үйүнө келген алыс туугандарынын бири, өзүнүн кошунасы чоң молдо экенин, көптөгөн кишилерди дарылал айыктырганын айтып сунуштап калды. "Андан да күчтүү молдо - табыптардын колунан эч нерсе келбегенден кийин ал деле ошолордун бири сыяктуу да" деп адегенде ал анча көңүлдөнгөн жок. Акчасын чачып жатып абага эле ыргытып жибергендей болуп жыйынтык бербей койгон соң, аны деле ошондойлордун бири деп ойлоп койду. Бул менин жөн гана сунушум, ал дагы күчтүү молдо, көптөгөн кишини өзүнүн дубасы менен дарылап айыктырган. Балким, Алла Таалам бир шыпаа берип, ошонун жардамы менен айыгып кетээрсиң..."

"Ит болуптур, барса барып көрөйүн" анын ага деле анча көңүлү чаппай турганы жүзүнөн билинип турду.

Жол узак болчу, бир сыйра кийимдерин алып ошол жакка жөнөп кетти. Ал жакта дээрлик эки жумадай жүрдү. Анан эле куландан соо мурункудай күлүп - жайнап өзү басып келбедиби. Үйүнө кой союп, кошуналарын чакырып түлө өткөздү.

Көрсө, мындайча болуптур. Ал босогону аттап, алиги молдонун үйүнө киргенде эле дароо отургузуп көгөрүп, кызыл - ала болуп турган сан этин сыйпалап башын чайкайт.

"Ай-яй-яй, сен бир убакта күлгө кайнак суу чачып жибериптирсиң. Ал жакта шайтандын балдары ойноп жатыптыр. Кайнак сууну сен ошолорго чачыптырсың. Буга ачуусу келген шайтандын атасы сенин саныңа шамшарын матырып салыптыр. Эч дары - дармек жардам бербей айыкпай жатканыңдын дагы себеби ошол экен да. Бир аз чыдап кой, бул шамшарды мен акырын дубалап сууруп таштайм". Ал бир сыйра өзүнүн колдорун самындап жууп, тигинин маңдайына отуруп канталаган санын сыйлалап, көпкө дуба окуп, анан шамшарды сууруп алыптыр. Ошондон кийин оорулуу эки күн былк этпей жатыптыр. Үчүнчү күнү кадимкидей буттарына кан жугүрүп басып кетиптир.Мен жалпы эле окурмандарга муну сабак катары айтаар элем, "күлгө ойнобогула, даарат ушатпагыла, ысык суу чачпагыла". Балким, силер да ушундай ооруга кабылып калышыңар мүмкүн.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83