www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев жашырган салыгын төлөйбү же...

Кызгалдак Жакыпова 05-август 2019, 11:09

Саясат


Атамбаев жашырган салыгын төлөйбү  же...

Азырынча баары сыр сандыкта кулптанган абалда сыягы.

Кылмыш иши ачыкка чыгып, суунун үстүнө калкып чыккандан кийин  бияктан катуураак үн угулбаса, бүттү. Атамбаев атасы бай боюнча кала берет, каржы полициясы коомчулуктун пикирин кулагын салып, не болор экен деп турган чагы. Эгерде эле бияктан катуураак үн угулбай турган болсо, Атамбаев атасы бай бойдон кала берет, тияктан кимдир бирөө паланча миллионду чөнтөгүнө кымырып, төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок болот да калат.
 

Ооба, Жалил Атасы байдын салыкты жашырып 40 миллион карыз болгодугу узун элдин учуна эбак угузулган. Андан бери канча күн карып, канча түн кете берди кулагын кармаган боюнча.

Бирок Атасы байдын иши бир сөөмгө да алдыга жылган жок. Бизге жеткен маалыматка таянсак, текшерем  деп келгендер түкүнчө бир суммага бул ишти маданияттуу жабып, Атасы байды суудан курук алып чыгууга аракет жасашкан.

Ал бүгүн деле күчүндө. Кала  берсе Ош шаардык салык кызматынын башчысынын орун басары камалып, бүгүн үй камагына чыгарылган деген кабар бар.

Эмне, 40 миллионун карызын төлөө орду, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө анын жарымын салып берип, Атасы бай кутулуп кете береби?

Андай күнү коррупция менен сагылашып жаткан Дон Кихоттордун кимге кереги бар? Салык кызматынан кандайдыр бир маалымат алуу кыйын болгон соң, ырасмий жообун күтөбүз.

Анаркан Чолпонова

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83