www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Солтон-Сары үчүн Жээнбековдун абийирин төгөм деп жатып, Атамбаев өз абийирин ачып алды

Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 12:23

Коом


Солтон-Сары үчүн Жээнбековдун абийирин төгөм деп жатып, Атамбаев өз абийирин ачып алды

Атамбаевчилдерге жага бербей калды, “Шылтоого шыноо таап”  Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен  кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company"  компаниясынын ортосунда болуп өткөн чырды атамбаевчил фейктер күнөөнүн барын Жээнбеков баш болгон азыркы бийликке шыбашты.  Бирок эмнегедир эстерине жара чыгышып жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company" компаниясына Атамбаевдин заманында Дүйшөнбек Зилалиев деген азыр мыйзамсыз байыган деген иш боюнча  тергөөдөгү Атамбаевдин “рыцары”  лицензияны узартып бергенин унутуп калышты.

Мурунку Мамгеологияны тейлеген Зилалиев эл билбеген толтура күмөндүү лицензияларды тараткан, аны кармаган учурда 900 миң доллар (дээрлик миллион) накта акча жана башка активдер жөн эле үйүндө, күнүмдүк оокатка чыгымдоого, балдары ойногонго чачылып жаткан, бул акчалар кайдан келди деген суроого Зилалиев жооп бере алган эмес. Каяктан чыкканын кайдан билет мыйзамсыз табылып жатса. Зилалиев Атамбаев жанталашып актап жаткан Сапар Исаковдун оң колу болгон. Атамбаевдин заманында Зилалиев чет мамлекеттен капиталдарды тартуу боюнча чечүүчү кызматтарды жетектеп, өз капчыгын кампайткан.

Логика боюнча Атамбаевдин колдоочулары Жээнбековдун абийирин ачабыз деп жатышып, өздөрүнүн абийирлерин ачып алышты. Кыргызда мындай макал бар: “Чылпакты алабыз дешип, көзүн чукуп алышты” - деген.

Булак: «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83