www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев: "Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди"

Кызгалдак Жакыпова 06-август 2019, 14:59

Саясат


Камчыбек Ташиев: "Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди"

Саясатчы Камчыбек Ташиев Солтон-Сарыдагы окуя тууралуу пикирин жарыя кылды. Төмөндө Камчыбек ташиевдин пикири толугу менен:

Урматтуу эл-журт!
Солтон-Сарыда болгон окуяга унчукпай, билмексен болуп кайдыгер карап олтуруу мүмкүн эмес. Өзүмдүн жеке ой-пикиримди төмөндөгү пункттар менен жарыя кыламын;
1.Мамлекетибиздин территориясында иштеген инвесторлордун жасаган жумуштары мамлекеттин мыйзамдарына же элдин кызыкчылыгына төп келиш керек, андай болбосо биздин өлкөдө иштөөгө тыюу салынат!
2.Кыргызстандагы көптөгөн тоо кен иштеткен чет элдиктерден пайда көрбөй эле зыян тартып келе жатабыз, мисалы; Кумтөр, Чаткал-Ала-Буканын ахыбалын караңыздар.
3.Негизинен мамлекетибиздеги алтын, көмүр жана башка кендерибиздин көпчүлүгүн бир ууч шылуундар ээлеп алышкан. Алар кимдер, депутаттар, мурун, кийин чоң кызматта иштегендер, чоңдордун туугандары; Мамлекеттен лицензияны бийлигин пайдаланып алышат да кытайларга сатышат, ортодо миллиондогон доллар пайда алышат, анан ошол жалган инвесторлорду "крышевать" этишип бүт жаратылышыбызды талкалап жатышат.
4.Мамлекеттик бийлик ушундай шылуундарды таап чыгып жазалаш керек, элди жакырлантып, кыжырын келтиргендер мына ушулар…
5.Нарындык элибизге таазим, башыбызды көтөрүп, кыргыз экендигибизге дагын бир жолу сыймыктандык!
6.Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди....

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83