www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Белорус мамлекет башчысы Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолугушуп, 70 –жылдыгы менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 09:48

Коом


ВИДЕО - Белорус мамлекет башчысы Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолугушуп, 70 –жылдыгы менен куттуктады

Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушканын Беларус президентинин сайты кабарлады.

Расмий маалыматта: “Беларус президенти Александр Лукашенко өзүнүн досу, кесиптеши, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту” - деп жазылган.

Анда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланды.

Белгилей кетсек Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Курманбек Бакиевдин тушунда алтын –валюталык запасыбыз дээрлик үч эсеге, орточо айлык акы -2240 сомдон -7189 сомго көбөйгөн. Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жылда 2,5 млрд доллар тышкы карызга батырса, Курманбек Бакиевдин тушунда тышкы карыз 500 миллион долларга азайган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83