www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министр Эркинбек Чодуев менен Анаранын кандай мамилеси бар?

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 10:03

Саясат


Министр Эркинбек Чодуев менен Анаранын кандай мамилеси бар?

Айыл чарба министрлигинде эл аралык жанжал чыкканы турат. Бул туурасында социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышты.

Aidana Asanovna аттуу колдонуучунун айтымында, Кытай тарап жакында өтө турчу эл аралык жармаңкеге Айыл-чарба министрлигинен бир өкүл чакырып, анын чыгымдарын төлөп бермек болот. Болгону - бара турган адам министрдин орун басары рангынан ылдыйкы кызматта турбаш керек. "Дал ушул жерде Чодуев "өз кишисин" жөнөтүү аракетин кылды. Ушундай жол менен экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева анын кызматы министрдин орун басары макамына туура келет деген документти колуна алды.

Кызыгы, бул жасалма маалымкатка Чодуев өзү кол койгон эмес, орун басары Исаевге түртө салган", - деп жазылат маалыматта.

Документтен шектенген кытай тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн. "Эми бул окуяга катыштыгы бар адамдар аны басып коюунун аракетин көрүп жатышат. Аларда бул үчүн жолдор бар: ошол эле Исаев премьер-министр Абылгазиевдин группалашы жана досу. Бирок бул маалымат тарап кеткенден кийин өкмөт башчы өзүнүн таанышына жардам бериши күмөндүү", - дейт Aidana Asanovna.

Көрүнүп тургандай, министр Чодуев оозеки көрсөтмө берүү менен Анара айымдын Кытайга бекер (чакырган тараптын эсебинен) барып келүүсүнө керектүү документти берүүнү орун басары Исаевге тапшырган. Андыктан "министр мырза менен Анара айымдын ортосунда кандай байланыш бар?" - деген суроо коомчулукту кызыктырууда, деп Майдан.kg гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83