www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон Жакыпова: "Атамбаев эмнеге күбө катары сурак берүүдөн коркуп атат?"

Кызгалдак Жакыпова 07-август 2019, 10:17

Саясат


Чолпон Жакыпова: "Атамбаев эмнеге күбө катары сурак берүүдөн коркуп атат?"

-Алмаз Шаршенович өзү бир канча жолу мыйзамдарды бузган. Ошондуктан анын бүгүн мыйзамдарга баш ийбей жатканына тан калган деле жокмун. Мыйзамдардагы карама-каршылыктар турмушта негативдерге, саясий кесепеттерге, жакшы нерселерге алып бара турганына күбө болуп келатабыз.

Балким, Атамбаев акыры жигитчилик кылып мыйзамдардын талаптарына баш ийип, күч органдарына барып сурак берер. Бүгүнкү системаны түптөгөн өзү эмеспи, дайыма, биз укуктук мамлекетпиз, мыйзамдарга баш ийишибиз керек деп кайталап келген да өзү болчу. Бүгүнкү укуктук кырдаалды түзгөн да өзү.

Ал соттук системаны эң мыкты ишке ашырганын айтып, соттук системаны коррупционер менен уурулардан тазалагандыгын көп жолу айтты. Атүгүл ал муну декларациялаган, эми ага өзү баш ийиши керек да, эмнеден коркуп жатат? Азыр аны болгону күбө катары гана чакырып жатышпайбы.

Эгерде барбай корко берсе, анда жигитчесинен "Мен "ажыдаарды" түзүп салгам (укук коргоо органдары менен соттук системасындагы), ошондуктан "ажыдаарга" баргандан коркуп жатам, системаны өзүмө ыйлайыкташтырып алган элем, анын кандай иштей турганын билем" - деп ачык айтышы керек. Болбосо, суракка чакырып аткан тарап андан аркы аракеттерди көрүп, чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл, - деп Чолпон Жакыпова Майдан.kg гезитине маек курган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83